Слышала однажды в детстве эту песню ,если честно до конца и не поняла , но сейчас повзрослев понимаю насколько глубокая эта песня, спасибо за ваше творчество Тата Улан!
Кыргызыма, чын Дили мн куйуп ырдаган,салымын Кошкон жалгыз ырчы мен,эх бардыгын ушундай куйуп ырдаса кана тарбиялуу ырларды,баарыле хайп,ачык чачык ,ТАТА УЛАН БАЙКЕ 👍👍👍👍
Кыздар мындай-андай, жаман жолдо жүрөт дегендерге айтаар элем. Качан гана биз кыргыз эркектери ар бир кызга мамиле кылаарда өз карындашыбыз менен эжебизге кылгандай мамиле кылсак,мына ошондо аларды биз бузбай жакшы тарбиялаганыбыз болот. Биз Кыргыздын эркектери НАМЫСка келсек,ошондо гана биздин аялзат жаман жолго баспай, ыймандуу болот. Анан аял кылып алып же албай эле бузуп таштап кетсек, албетте ар бир айым бакыт издеп, кара курсактын же балдарды багыштын айласынан кытайга, оруска, англичан жана башкага тийип кетет. Кыргыз кыз-келиндери да бактылуу болууга татыктуу деп ойлойм. Бул менин жеке оюм...
Ринат Алибек! Сиз анык кыргыздын акылдуу, ыймандуу уулдарынын бири экенсиңер, туптуура айттыңыз! Бактылуу , өмүрлүү болуңуз, тилегениңерге жетиңиз! АЛЛА ыразы юолсун сизге! Аминь. 😇
Улан байкенин, бул ырын биринчи жолу укканда озумо келе албай журдум, создору ото кучтуу, мазмундуу. Рахмат сизге Тата Улан байке. Сиздин чыгарманызды терен сыйлайбыз🔥🤗💣
Тата Улан брат сизге узуун омур еки дуйно бактылуулукту каалайбыз Кыргызстандын патриотусуз ырларыныз маанилуу кайра кайра угам Кооп коп ырларды чыгарыныз 150 жыл жашан ИНШААЛАХ ИНШААЛАХ ИНШААЛАХ
Снимали профи, заметно рука мастера, все на уровне и работа оператора и аранжировщика и композитора и вообще все на уровне. Всем привет из Великобритании
Ошол убыкытта тартылган клиптерди көрүп, ырларды азыр уксанар, бул чыгарманын денгэли ото бийик. Почти 15 лет прошло, а смотриться отлично, музыка, слова - так и хочеться слушать и смысл актуален. В общем, профессионалы сделали свое дело!
Текст песни "Карындаш" Кап этпесең угуп койчу, Момундай болгон окуя. Чындык болбос калп нерседей, Жай айтылган акыя. Көгүчкөндөр учуп жүрөт, Бир айылда тыптынч. Жан көрүнбөйт тегеректе, Болуп турса чак түш. Эшикке чыкты бир карындаш, Кызыл өтүк кийген. Сулуу, чырай келбетине, Ишенгенин билген. Шаарды көздөй сапар алды, Саркеч сумка асынган. Кандай болот келечеги? Тагдырына таарынган. Чимирилип ылдый түшөт, Кызыл-сары жалбырак. Көздөн агат жаш куюлуп, Көкүрөккө тамчылап. Кабак бүркөп кейип-кейип, Калаа көздөй келатат. Үйдөн качып, уруш менен, Эркиндикке баратат. Өрүп жүргөн жибек чачты, Белге таштап чачты. “Өзүм түзөм, өз жашоомду”, Деп кыйкырып качты. Мени түшүнгөн өмүр жарды, Издештирип табамын. Өзүм деле сулуу кызмын, Жакканымды чабамын. Бул жашоодо баары болот, Капа болбо, карындаш. Түз узасаң тез жетесиң, Жоолук асты кайык каш. Бактылуулукту эңсейсиң, Жөлөк болгон асыл таш. “Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң, Сунса балды кашыкташ. Бул жашоого жеткен арман, Кудай өзү кечирсин. Турмушуңда өзүң каарман, Ката сенден кетпесин”. Деп айтчу эле сага энең, Күндө мээңди жегендей. Сен укпадың аны деги, “Билем-билем” дедиң сен. Кайырма: Титиреген эриндериң, Муздадыбы таштан? “Сүйөм, сүйөм, сүйөм” дедиң, Сылаттырып чачтан. Өзүң эле ысып турган, Кучагына жолодуң. “Күйөм, күйөм, күйөм” дедиң, Күйүп кеттиң, кор болдуң. Сейил бакта эс алганда, Көрүп калдым ал кызды. Дарак сүйөп, жалгызданып, Көктү тиктеп жалынды. Көздүн тузун кошо жутуп, Өксүп-өксүп ыйлаган. “Не болду?” деп сурагандан, Тилим барбай кармалган. Ыйдын ачуу добушуна, Дене боюм кысылып. Не деримди билбей калдым, Сөзүм тилге кыпчылып. Оюм кетти жаман жакка, Ташталдыңбы, бечара? Оюнчуктай оюн болдуң, Булгандыңбы, таптаза? Алдандыңбы таттуу сөзгө, Бир максатты көздөгөн. Сүйүүң күйүү болуп кетти, Капилеттен күтпөгөн. Өзүң назик, ишенчээксиң, Не көздөдүң бул жолду? Акыл келет тайгаланып, Ыйлап бүтүп бир көлдүү. Не кыл дейсиң, азыр турмуш, Бүт жагынан бузулган. Арам нерсе мода болуп, Жаман жолго алпарган. Төштү ачып, суктандырып, Чакырасың шайтанды. Жаккың келет денең менен, Өзүң баштап жаманды. Оо, шайтанды карачы, Чаташтырган, ээ заман. Сен жактырган бар нерселер, Териштирсең бүт жалган. Cактап жүргүн жеңил болбой, Кыздыгыңды, намысты. Кол тийгизбе ойноктобой, Сылаттырып чачыңды. Сен сөздөрдү туура түшүн, Эркек оюн актабайм. Менде да бар карындашым, Ага жаман каалабайм. Бул жашоодо баары болот, Капа болбо, карындаш. Түз узасаң тез жетесиң, Жоолук асты кайык каш. Бактылуулукту эңсейсиң, Жөлөк болгон асыл таш. “Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң, Сунса балды кашыкташ. Бул жашоого жеткен арман, Кудай өзү кечирсин. Турмушуңда өзүң каарман, Ката сенден кетпесин”. Деп айтчу эле сага энең, Күндө мээңди жегендей. Сен укпадың энекеңди, Билем-билем дедиң сен.
Мен 2021 жылы коруп атам мен кичинекей кезимен сиздин ырларынызды угуп "чын журоктон Баары бир" деп ырдай берчим азыр чоноюп ырдын маанисин тушундум азаматсыз:) ЧЫНДЫК! Молодцы:)я Вас уважаю😄😎😎😘❤❤❤❤❤💙💙
Аллахым сактасын мындайдан ,ООО Кудайым кыздарыбызга акыл,ыйман,эки дүйнө бактылуулук берегор оомиин 🤲 келечек муундун энелери өтө илимдүү ,ыйманга,намыска бек мекенчил балдарды тарбиялашсын оомиин 🤲
Мурун концерт жарымынынан кийин эшигин ачып койчу эле айылыбызда, ал кезде мектепте окуйм, анан ошентип барып калчумун толобой)) бир жолу Тата Улан келип, бардым ошентип, ушул ырын угуп алып келе бергем, корсо концер бутуптур, эх жаштык))
ушул чыгарма менин окуучу кезимде чыккан эле, андан бери 30га чыктым толтура алданган алдагандарды кордум, дагы деле толтура. эскертуучу гана боло алат экенбиз, хидаят берген Аллах Озу экенин ээми коруп угуп окуп туш болуп анан тушундум(((