Тёмный

ТЕЛЕФОНДУ БАЛДАРГА БЕРБЕНИЗ ЗЫЯНДАРЫ КӨП. КЫЗ БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО АТА-ЭНЕНИН ЖАНЫЛЫШТЫКТАРЫ 

Жармагул Жармагул
Подписаться 46 тыс.
Просмотров 20 тыс.
50% 1

Илим жана технология күн санап өнүгүп жаткан чакта жаңы төрөлгөн балдардан баштап, көзү чала көргөн ата-энелерге чейин телефонго көз каранды болуп жатканы өкүндүрөт. Кайсы коомдук жайда болбойлу, мейли автобуста, мейли оорукана ж.б. жайларда баласы ыйлабашы үчүн телефон карматып койгон ата-энелерди кезиктиребиз. Колуна смартфон тийген бала андан көзүн албай, ыйын басат. Аны алаар замат ыйы, чыры кайра күчөйт. Анан ата-эне менен баланын ортосунда негатив пайда болуп, эмнеге биздин сөздү укпайт, эмнеге аны менен тил табыша албай жатабыз? - деген суроолор пайда болот.
3 жашка чейин баланын көрүүсү үчүн өтө маанилүү убак
Көнүмүш адаттар кичинекей кезинен эле калыптанат дешет доктурлар. Педиатрлардын айтымына караганда төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки убакыт аралыгы баланын көрүүсү, сүйлөөсү үчүн эң маанилүү убак. 3 жашка чейин бала ата-энеси, үй-бүлө мүчөлөрү, өзү теңдүү балдар менен көбүрөөк сүйлөшүүсү зарыл. Америкалык бир академиянын окумуштуулары бала 2 жашка чыкканча электрондук нерселерден алыс болгону жакшы дешет. 3 жаштан 5 жашка чейин күнүнө 1 сааттан ашык эмес убакыт смартфон менен алаксыса болот дешет алар. 6-18 жаштагыларга күнүнө 2 саат гана убакыт жетиштүү.
Ошол эле учурда азыркы балдардын көбү күнүнө 6-7 сааттан смартфон көрүшөт жана 7-8 жаштан баштап интернетке кире алышат.
Гаджетке көз каранды болуу
Ата-эне өзү интернетте көп отурса, сериалды көп көрсө ж.б. болбогон иштер менен убактысынын көбүн өткөрсө, балдарынан ошончо алыстай берет. Чоңдор тарабынан көңүл бурулбаган бала албетте смартфонго жабышпаганда, эмне кылмак эле. Азыр 8-18 жаштагы ар бир 11-баланы санарип-наркоманы десек болот.
Зыяндуу нурлануу
2011-жылы рак классификациясын изилдеген эл аралык агенсттик телефон жана башка чубалгысыз буюмдар потенциалдуу канцероген экенин жана алар 2В тобуна кирээрин аныкташкан. Ошону менен бирге балдар зыяндуу нурланууга абдан ийкемдүү экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек экендигин эскертишкен. Себеби, андай нурлануулар балдардын арасында баш мээсинин шишиги сыяктуу рак ооруларына көп чалдыктыраарын айтышкан.
Мээнин өсүшүнө тийгизген терс таасири
Баланын мээси 2 жашка чейин 3 эсе чоңоёт, ал 21ге чыкканча мээси өсө берет. Баланын мээсинин өсүшү аны курчап турган айлана-чөйрөгө байланыштуу болот. Мээ өсүп турган убакта балага телефон карматуу менен анын мээсинин өсүшүн бир канча эсе басаңдатып алуубуз мүмкүн. Жада калса гаджеттердин айынан бала эмне кылып жатканын билбей калышы да мүмкүн.
Өнүгүүсү начарлайт
Кечке эле телефон тиктеген бала кыймылсыз болгондуктан, ан

Опубликовано:

 

29 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии    
Далее
ПОЮ ВЖИВУЮ🎙
3:19:12
Просмотров 879 тыс.