Кыргызстандын түштүгүнө биринчи поезд 1914-жылы Кара-Суу районуна келип, ошол жерде атайын бекет түзүлгөн. Ал эми Жалал-Абадга темир жол 1916-жылы салынган. 1930-1935-жылдары бир катар темир жол бекеттери курулган. Бул аймактарда көмүр кендери көп болгондуктан, кара алтын жүктөгөн поезддер мурдагы Советтер Союзунун бир нече шаарына жеткен. Он сааттап жол тиктеп, миңдеген тонна жүк ташыган машинисттердин бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз. Биз бул жолу Кудайберди Мурзаев менен сапарга аттандык.
13 окт 2024