Убакыт өтө берди, бир жума өткөндө эшикке мусор төккөнү чыкса Жоомарт каалганын артында жөлөнүп уктап жатыптыр. Мусорду таштап келип:
- Жоомарт, тур өйдө, - деди ийининен тартып.
- Аа-а, - Жоомарт уйкулуу көзүн ача тура калды.
- Качан келдиң эле?
- Күндө ушул жердемин.
- Койчу?
- Ооба эшигиңди кайтарганыма кубанаарсың?
- Жоомарт, эмне деп жатасың? - Ошол кезде коңшу аял чыгып:
- Ай Жаркын, алиги немени күндө эле сенин дарбазаңдын түбүнөн көрөм, деги ууру-кески эмеспи? - деди мусор челегин жерге коюп.
- Жок-жок эже, жердешим болот, мындан ары келбейт.
- Ошондой эле болсун, - Ал аял чакасын көтөрө ары басты.
- Сен жинди болдуңбу, көргөндөр эмне дейт? - Жаркынай ачуулу карады, - Бул айылда бүт абройлуу адамдар турушат, кир үйгө кирип чай-пай ичип ал, - деп дарбазаны кең ачты, - Мунуң болбойт Жоомарт.
18 май 2024