Тёмный

Токтобек Асаналиев -Жылкычынын ыры. Мен жылкычы,сен чабанКыйкырып добуш үн салам.Жаны клип, концерт. 

Улуттук Филармония
Подписаться 7 тыс.
Просмотров 2,9 тыс.
50% 1

УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯНЫН
«КАМБАРКАН» ФОЛЬКЛОРДУК-ЭТНОГРАФИЯЛЫК АНСАМБЛИ.
Жылкычынын ыры.
Сөзү, обону А. Айталиевдики
Аткарган: Токтобек Асаналиев
Дирижер: Рысбек Жумакунов
Асыл тукум мингенин,
Салкын тор жайлоо жургонум.
Эриктим жылкы кайтарып,
Кайдасын, келчи суйгонум.
Жылкы оттойт чоптун турлорун,
Мен жыттайм жыпар гулдорун.
Санаадан такыр чыкпайсын,
Сагындым, келчи сүйгөнүм.
Ыргылса желге жалбырак,
Ыргыштап уркот аргымак.
Камыкпа, келет дегенсин,
Ай карайт көктөн жалдырап.
Кубанам жылкы бакканга,
Кыялым учуп асманга.
Жаныма келсен болбойбу,
Жылкылар жуушап жатканда.
Эл берген малды тапшырып,
Элеси күчтүү жашчылык.
Жайлоодо кетип баратсак
Жанаша атчан бастырып.
Муздак төрдү жай кылып,
Бош кезде жорго салдырып.
Чарчаган кезде дем алсак,
Чаалыккан атты чалдырып.
Эс алып жайлоо оюнда,
Шар аккан суунун боюнда.
Кымыздан ичсен агай деп,
Кол чанач болсо колунда.
Мен жылкычы, сен чабан
Кыйкырып добуш үн салам.
Өлкөбүз үчүн иштейли,
Өркүндөп өссүн гүл заман.
#кыргызстан #кыргызчаырлар #музыка #филармония #ырлар #жаныырлар #жаныклип #оркестр #кыргыздар #кыргыздармосквада #кыргызчаыр

Опубликовано:

 

3 окт 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 4   
@ВенераАсанова-б3с
@ВенераАсанова-б3с 4 месяца назад
❤❤❤
@XPentium
@XPentium 6 месяцев назад
АааааБаракелде!
@aidanasamarova1570
@aidanasamarova1570 6 месяцев назад
Очень ждала видео с ним👏🏻👏🏻👏🏻 очень крутой артист 🙏🏻💯
@ШолпанМусакеева
@ШолпанМусакеева 5 месяцев назад
👏👏👏👏👏👏👏👏
Далее
V16 из БЕНЗОПИЛ - ПЕРВЫЙ ЗАПУСК
13:57