🌺Асыл заттарга.🌸 Көктө жылдыз,караңгыда айсыңар, Көп сапатка көөдөндөрү байсыңар. Карындаштар көмүскөдө катылуу, Көп сөзүм бар ырларымда айтылар. ~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~ Эң боорукер,эң сезимтал эжелер, Эрки бекем,эстүү,эптүү десе эгер. Көп ойлонбой дароо макул болобуз, Көрктүү десе силер менен кечелер. ~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~ Жаздын көркү жакшынакай жеңелер, Жылдар өттү, жап жаш кыздар элеңер. Жан жыргатып,сулуу болуп кулпуруп, Жазда өзгөчө силер менен теребел. ~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~ Жамалыңдан кагылайын энелер, Жан бар бекен өзүңөргө теңелер. Өмүрдөгү эбегейсиз эсеби, Өлчөм жок го, мээнетиңер ченелер. ~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~ Үйүбүздө үйдүн куту-айым бар, Үйдү жыйнап,тамак- ашты дайындар. Аманат деп бизге ишенип тапшырган, Аман болсун ар убакта кайындар! ~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~ Силер үчүн эргүү келсе кет дебейм, Силерди мен бир жылда бир эстебейм. Сүйүүбүзгө секунд сайын татыган, Сыйынарды бир күн менен чектебейм. Раимбек Мамасеитов
Толкунбек балам чын эле сен лотерия ойнотпо сенин ордуныр чыгар ырда жана музыкалык билим ал сразу эле окууга отуп кетесин убакыты откорбо уйлон бактылуу бол.