Тёмный

Тырмактын абалынан кандай көйгөйлөр бар экенин билүүгө болот 

shumkar
Подписаться 11 тыс.
Просмотров 41 тыс.
50% 1

Организмдин саламаттыгында кандай көйгөйлөр бар экенин тырмактын абалынан билүүгө болот
өзүңүздүн саламаттыгыңды тырмагыңыздын абалынан байкоого болоорун билчү белеңиз? Тырмактын үстүндөгү ак тактар, тегиз эмес ойдуң сымал жерлери, быдыр каптаса, саргыч өң бул ден соолугуңузда кандайдыр бир оору бар экенинин белгиси.
Бозоргон тырмак
Аябай бозоргон тырмак организмде анемия, жүрөк, боор ооруларынын белгилери бар экенин билдирет. Анан дагы адам жетиштүү тамак ичпегенди да кабарлайт.
өңү ак тырмак
Эгер тырмактын сырты ак түстө болуп, айланасы карарып турса, бул боор ооруларынан кабар берет. Мисалы, гепатит. Бул сүрөттө сары оорусу менен ооруган адамдын тырмагы. Бул кесел өзүңөр билгендей, боору жабыркаган кишилерде пайда болот.
Сары түстөгү тырмак
Тырмактын саргарышы бул грибок сыяктуу жугуштуу оорулардын бардыгынан кабар берет. Ал оорунун күчөшү менен тырмак калыңдап, майдаланып сына берет. Кээ бир гана учурда саргыч тырмак организмде курч оорунун белгиси бар экенин билдирет. Мисалы, калкан без оорусу, өпкө, диабет жана псориаз сыяктуу оорулардан кабар берет. Бирок, тырмакты карап алып бул оорулар менде бар экен деп тынчсызданбай кое туруңуз, анткени тырмак боечу каражатты да көпкө колдонгондон, аба жетишсиздигинен тырмак саргыч тартып калат.
Көгүлтүр тырмак
Көгүлтүр тырмак организмде кислород жетишсиздигинен кабар берет. Бул өпкөдөгү жугуштуу оорулардын, мисалы, пневмония оорусунун белгиси. Мындан сырткары жүрөктү көйгөй бар экенин билдирет.
Эгер тырмакты быдыр каптаса
Тырмактын тегиз эмес ойдуң сымал жерлери, үстү жагын быдыр каптап кетсе, бул белгилер тырмак жаңы башталып келаткан псориаз оорусу менен жабыркаганын, же артрит оорусу менен сезгенгенин билдирет. Бул учурда тырмактын өңү өзгөрүлүп, астындагы тери кызыл-күрөң түстө болот.
Сына берген тырмак
Кургак, сына берген тырмак калкан без оорусунан кабар берет. Ал эми тырмактын сыйрылышы саргыч өң менен коштолсо, грибок жугуштуу оорусун жуктуруп алганын билдирет.
Тырмактын айланасындагы теринин сезгениши
Тырмактын айланасындагы тери кызыл жана шишип турса, бул тырмак сезгенип калган. Эмнеден улам десеңер, буга себеп: жугуштуу оору, бөрү жатыш жана башка териге байланышкан оорулар.
Тырмактын астындагы кара чийиндилер
Эгер сиз тырмактын астынан кара чийиндилерди байкасаңыз, тезинен көрүнүүгө барыңыз. Анткени бул көрүнүш рак оорусунун оор түрү болгон меланоманын белгилери.
Эгер сиз тырмак жесеңиз
эгер сиз тырмак жесеңиз, анда ал адаттан өзүңүздү калтыралбай атсаңыз керек. Бирок бул нерсе кээ бир учурда адат болбой, организмдин бир нерсеге түйшөлүп жаткан абалын билдирип, аны дарылоо керек. Эгер сиз өзүңүздү көзөмөлдөй албасаңыз, дарыгерге же психологго кайрылууңуз кажет.
Тырмактын абалы - башкатырманын

Опубликовано:

 

11 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 22   
@ДамирНуралиев-е5у
@ДамирНуралиев-е5у 3 года назад
кыскасы аман болгула алахым силерди ушунтип жараты кайта силер сулу болом дейсинер сулулук эмне кереги бар мейли кичине боёнгула ото былсытпай азырак бетке чаптагыла макулбу силерге жакшы соз айтым.
@nurkashnurkash3095
@nurkashnurkash3095 5 лет назад
Кызыл хына суртсонуз жалпайбайт Инша Аллах
@user-lh2lx1ik4z
@user-lh2lx1ik4z 3 года назад
Тырмак оорусун кантип айыктырса болот
@lamooda386
@lamooda386 Год назад
Саламатсызбы анда учурда кайсыл даригерге кайрылу керек
@sharijoldoshova8367
@sharijoldoshova8367 2 года назад
Биздин) тырмактардын суротторун кайдан тапкансыз😀👍
@user-ks9oi2cd8t
@user-ks9oi2cd8t 2 года назад
😁
@user-qe5vp3xk4k
@user-qe5vp3xk4k 2 года назад
тырмактын ортосунда ак точка эмнени билдирет . мурда бир газетадан окуган элем аябай далилдеп жазылнанын .коп болду. эмне деген газета экенин да унтуп атам.
@нуржаншайдылдаева-л7ф
Меники тырмагымдын устундо кара сызык бар бирок ичке кара сызык тырмагым мн чогу осот ал нени билдирет?
@mirgulismailova7510
@mirgulismailova7510 3 года назад
Ушу суро бойунча врачка кайрылдынызбы
@syrgagulmasalieva5018
@syrgagulmasalieva5018 Год назад
Менин тырмагымда да кара сызык бар кайсы врачка кайрылыш керек
@ilmm.1298
@ilmm.1298 3 года назад
тырмактын астындагы кичинекей ак айча жок ( лунила) жок болсо, анда эмне болот
@ЧолпонАсаналиева-н9д
Анемия белгиси,аз кандуулук
@user-ks9oi2cd8t
@user-ks9oi2cd8t 2 года назад
Меники Дагы почти жок ак айчасы,анан тырмактын башында АК точка бар эмнеге
@ЧолпонАсаналиева-н9д
Канды тешертиниз.Анемия окшойт
@aikanurlanbekova9020
@aikanurlanbekova9020 4 года назад
Меники сынып атат го 😭
@ЖыргалМолдогазива
Буттумдун тырмагы калын болуп кыйшык осуп жатат
@sapargylkodirbekova2326
@sapargylkodirbekova2326 6 лет назад
Мен тырмагым жалпак ошону кантип өстүрсөм болот
@gulnaraalybekoiva8904
@gulnaraalybekoiva8904 5 лет назад
Кобуроок жазгылачы тырмак боюнча
@jyldyzbektenova9845
@jyldyzbektenova9845 5 лет назад
Менин тырмагымда ак палоскадан экоо бар жакында эле пайда болду
@user-vc5dh7yb9t
@user-vc5dh7yb9t 8 месяцев назад
Менде кара чызык бар экен😮
@user-uw8re5vz5q
@user-uw8re5vz5q 2 месяца назад
Эмне кылдынар
@user-so7yi9yh4c
@user-so7yi9yh4c Год назад
Тырмак жукарып кетсе емне болот ошону жазбапсынарго😊
Далее
iPhone 16 - презентация Apple 2024
01:00
Просмотров 129 тыс.
ФОКУС -СВЕТОФОР
00:32
Просмотров 211 тыс.
УДОЧКА ЗА 1$ VS 10$ VS 100$!
22:41
Просмотров 280 тыс.
O'gay ona (58 qism) Ўгай она (58-қисм)
45:51
Keratin Hair Mask At Home | 1 WASH CHALLENGE |
1:28
Просмотров 93 тыс.
iPhone 16 - презентация Apple 2024
01:00
Просмотров 129 тыс.