Түгөлбай агаи сиге өзүм чыгарганда болдум ырчы жигит баарыбыз бар бололу мен Түгөлбай агайдын айлынанмын агай настыныз урпакка калсын манинда балдарым сиздей болсунчу бар болуп агай
Түгөлбайдын жамгыры. сөзү Ч.Сарбагышова. обону С.Бейшекеевдики. аткаруучу А.Мусабеков. Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен, Бирок да жолдорубуз бөлөк экен. Жамгырга күбө болгон жаштык кезди, Жоготпой сезимимде сактап келем. Кайырма. Табыйгат жашып турат неге тынбай, Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай. Арзууну жүрөктөгү эзген мени, Ааламга жар саламын ырдай-ырдай. Жамгырда чогуу басып атырган таң, Түбөлүк чыкпай келет ал жадымдан. Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөнүп, Тартылат ошол мезгил көз алдыма. Кайырма. Окшотуп доошуна сенин күлкүң, Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм. Жамгырды сенден бөлүп карай албай, Жалындап, экөөңдү тең бирдей сүйдүм.