Тёмный

Түпкү аталар нурунан, уюп келген жан балам 

Инициатива Розы Отунбаевой
Подписаться 4,3 тыс.
Просмотров 61 тыс.
50% 1

Баардык автордук укуктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан корголгон. Көчүрүүгө жана жайылтып сатууга тыюу салынат!!!
“Бешик ырлары” диски «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөргөн жалпы республикалык конкурстун жыйынтыгында мыкты чыгармалардын топтому болуп чыгарылган.
Бул топтомду даярдоо менен салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөдүк.
Бешик ырлары жакшы каалоолор жана бала менен эненин ортосундагы эмоциялык байланышты камсыз кылат. Баланы жакшы көрүүнү билдирүүдө, наристени сооротууда жана уйкуга даярдоодо бешик ырлары көп кылымдар бою жардам берип келген Бул топтомдо салттуу (элдик) жана жаңы автордук бешик ырлары бар.
Аткаруучу Зиягүл Сатыбалдиева.
Сөзү: Гүлжамила Шакирова, обону Жалил Садыков
Түпкү аталар нурунан
Уюп келген жан балам
Түпкү энелер ырынан
Муюп келген жан балам
Алдей балам алдей , алдей балам алдей, ай балам
Канатынды жайгын, жай балам
Алдей, алдей, алдей, алдей , алдей, алдей ак балам
Ак бешикте уктап жат балам
Элиң үчүн кам көргөн
Байкер болоор бекенсин
Баатыр Манас атаңдай
айкөл болоор бекенсин
Жаман бала болбо
Жакшыларды жолдо, жан балам
Ак бешикте уктап кал балам
Бешенеңе нур жаап
Бешигиңе ыр жаап уктагын
мага керек аман турганың
Эл журтуңду ойлогон
Эр азамат болгунуң
Кызмат кылып элиңе
бак дөөлөткө конгунуң
Алдей балам алдей , алдей балам алдей ,ай балам
Канатыңды жайгын, жай балам
Алдей, алдей, алдей , алдей, алдей, алдей ак балам
Ак бешикте уктап жат балам
Уктап калчы чырдабай
Умай энең көшүтсүн
Апакендин тилегин
Аруу дүйнөң эшитсин
Жаман бала болбо
Жакшыларды жолдо жан балам
Ак бешикте уктап кал балам
Бешенеңе нур жаап,
Бешигиңе ыр жаап уктагын
Мага керек аман турганың
Алдей, алдей, алдей, алдей, алдей, алдей ак балам,
Ак бешикте уктап жат балам,
Алдей, алдей ,алдей алдей , алдей, алдей ай балам,
Уктап калчы, уктап жай балам.

Опубликовано:

 

21 мар 2022

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 36   
@AsmiraMoldalieva-gx2xe
@AsmiraMoldalieva-gx2xe 2 месяца назад
Соонун экен братишкамды укттатып алдым ыйлап аты эле сизге чон рахмат 🎉🎉🎉❤❤❤❤
@user-pn5bl8yh3r
@user-pn5bl8yh3r Месяц назад
Аябай жакшы бешик ырлардын бири,уну дагы аябай уккулуктуу жагымдуу,менин балам 5 айынан баштап угат ушул ырды уктап калат азыр 2,5 жашта дагы деле угабыз😊
@user-ir8ng4gg6k
@user-ir8ng4gg6k 3 месяца назад
С͓̽о͓̽н͓̽у͓̽н͓̽ ы͓̽р͓̽к͓̽е͓̽н͓̽❤❤❤❤
@user-qi9wt9gg2p
@user-qi9wt9gg2p 10 месяцев назад
Мааниси терен ыр экен❤ эми биздин ыр болот буюрса🙏 рахмат!
@user-my6yr7he6p
@user-my6yr7he6p 2 месяца назад
5 айлык балама ырды коюп уктатып калдым акыркы кундору 😍😍😍🌸🌸🌸
@user-td9um5dq4y
@user-td9um5dq4y 2 месяца назад
Мен дагы 5 айлык кызым уктап калды угуп жатып
@almashalisherova562
@almashalisherova562 Год назад
Мен, менин балам ушул бешик ырын жакшы коруп угабыз
@user-xk1vv1xq2o
@user-xk1vv1xq2o Год назад
Биз балдар бакчасындагы балдарды ушул ыр менен уктатабыз
@kanykeitemirbekova-ti4cs
@kanykeitemirbekova-ti4cs Год назад
Соонун бешик ыр экен Неберемди ушул ыр менен уктатып кондуруп алдым Чон рахмат авторлорго жана ырды эн жогорку денээлде ырдап берген Зинагулго Баардыгынарга чыгармачылык ийгилик ден соолук каалайм❤
@adila720
@adila720 Год назад
Силердин бешик ырынарды угары менен балам уктап калат 😍
@user-zs4fc2fj5b
@user-zs4fc2fj5b Год назад
Менин бобогумда угары менен уйкусу келет
@user-go3xg5bd1u
@user-go3xg5bd1u Год назад
Менин кызым да тып уктап калтат
@user-yn6uo6bs5i
@user-yn6uo6bs5i Год назад
Айаабай сонун ыр экен Менин синдим уктап калат 🥰💋😴
@The_1062
@The_1062 Год назад
Меники деле😍
@aizireksakeeva5817
@aizireksakeeva5817 Год назад
❤❤❤❤❤❤
@nargizarahimova8786
@nargizarahimova8786 Год назад
Менин укам ушул ырды укуп уктап калат ❤😊
@user-vo1xv2ke8n
@user-vo1xv2ke8n 10 месяцев назад
Сонун🎉
@nurkangaparova3204
@nurkangaparova3204 Год назад
👍👍
@aiperimamarasulova953
@aiperimamarasulova953 Год назад
Мааниси сонун экен.
@user-kg3lz6ty2c
@user-kg3lz6ty2c 11 месяцев назад
Сонун ыр , уну дагы кулакка жашымдуу 😊👍 куйоом менен кызым сразу уктайт 😂
@user-jr5bg4xv3t
@user-jr5bg4xv3t Год назад
Spasibo
@user-jr5bg4xv3t
@user-jr5bg4xv3t Год назад
Рахмат менин үкам уктап калды энди койойюн десем уктады
@user-jr5bg4xv3t
@user-jr5bg4xv3t Год назад
❤️❤️❤️❤️❤️🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻❤️‍🔥❤️‍🔥❤️‍🔥❤️‍🔥☺️
@umarovturdubai371
@umarovturdubai371 Год назад
Соонун ыр экен
@user-mx9mf5sb2r
@user-mx9mf5sb2r Год назад
😌😌
@altynaia3306
@altynaia3306 Год назад
🥰🥰❤️❤️❤️❤️
@uulaijanybaeva-kq8hc
@uulaijanybaeva-kq8hc Год назад
❤️❤️❤️
@uulaijanybaeva-kq8hc
@uulaijanybaeva-kq8hc Год назад
🥰❤️❤️❤️❤️
@user-rh6uq2xx1k
@user-rh6uq2xx1k Год назад
😇🤗😌😴💗
@user-rh6uq2xx1k
@user-rh6uq2xx1k Год назад
😇😇😚
@elizaargunbaeva1891
@elizaargunbaeva1891 9 месяцев назад
Сонун ыр экен ❤
@jumagulbekieva8143
@jumagulbekieva8143 Год назад
🤫🤫😴😴😴
@user-xg4mw6ok7z
@user-xg4mw6ok7z 9 месяцев назад
Маниси жакшы
@user-hd9bc4qj9c
@user-hd9bc4qj9c Год назад
😪😴😴😴😴
@user-no8ox7mn2i
@user-no8ox7mn2i 9 месяцев назад
Юю́ю7. Три йф При м как с УВ
@user-xg4mw6ok7z
@user-xg4mw6ok7z 9 месяцев назад
Сонун ыр баламы уктатып алдым
Далее