Тёмный

Уламышка айланган Улуу ырчы Мыскал Өмүрканованын өзү ырдаган 25 ыры. (аудио) Мемлекеттик Архив 

Чагылган KG
Подписаться 57 тыс.
Просмотров 21 тыс.
50% 1

Мыкты аткаруучу, комузчу, коңгуроодой үндүү кыргыздын таланттуу кыздарынын бири - Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканова туурасындагы 10 фактыны беребиз. Бул жаатта бизге ырчы тууралуу иликтеп, китеп жазып жүргөн журналист Айбек Шамшыкеев жана музыка таануучу Балбай Алагушев кеңешчи болду.
Мыскал Өмүрканова Дүйшө кызы 1915-жылы Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында туулган.
Ал кыргыз искусствосуна, анын ичинен ырчылык өнөрдүн өнүгүшүнө чейрек кылымдан ашуун, 30 жылга чукул салымын тынбай кошуп келген. Кыргыз үнүн узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткирип келген уникалдуу талантка ээ ырчылардын көч башында турган улуу инсан.
14 жаштагы кошок. Мыскал Өмүрканованын апасы төрөттөн кайтыш болот. Ошол учурда 14 жаштагы Мыскал сиңдилери Нускал менен Токонду кучактап алып, энесин жоктоп кошкон кошогу алигүнчө эл оозунда айтылып келет.
Жети канат боз үйдү,
Жыя кармап капшырдың.
Жетиле элек жетимди,
Эми кимге тапшырдың? деп башталып, узакка кошкон дешет.
Кожомкул балбандын көмөгү. Мыскалдын эл арасына таанылган ырчы болушуна кадимки балбан Каба уулу Кожомкулдун салымы чоң экендигин айтып келишет.
Ал айыл башчысы болуп иштеп, жыйым-терим кезинде талаадан өтүп бара жатып, заңкылдап ырдаган Мыскалдын үнүн угуп, бастырып келип кайра-кайра ырдаткан дешет.
Кийин балбан Мыскал менен күйөөсү Сагынаалыны алгач райондук, андан кийин Нарын облустук театрга барууга багыт берип, булактын көзүн ачкан деп айтып келишет.
"1939-жылы Мыскалга Сталин тура калып кол чапты деген туура эмес". "Мыскал Өмүрканова 1939-жылы Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын, искусствосунун жана адабиятынын 1-декадасына "Алымканды" 3 мүнөт созгондо Иосиф Сталин тура калып кол чаап, ал тургай тост көтөргөн" деген маалыматты журналист Айбек Шамшыкеев четке кагып, бул чындыкка туура келбейт деген пикирин айтты.
"1939-жылы Мыскал эжебиз уулу Бектурсунду төрөп, Москвадагы 1-декадага катыша албай калган. Ал мезгилдери Нарын театрында эмгектенип турган. Жогорудагыдай калп-чыны аралаш уламыш кеп элге тарап кеткен. Менимче, 1958-жылы 2-декадага баргандыгын, биринчисине алмаштырып алышкан. Мен кызыгып болушунча иликтеп көрдүм, бирок, 39-жылдагы декада тууралуу өзүнүн да, аны менен бирге иштеген залкардардын да эскерүүлөрү табылган жок. Анын атагы, элине калтырып кеткен көөнөрбөс мурасы 1-декадасыз эле эбегейсиз болуп кала берет", - деди Шамшыкеев.
1958-жылы Хрущев тура калып кол чаап, үнүн кайра-кайра уккан. Мыскал Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын, искусствосунун жана адабиятынын 2-декадасындагы жыйынтыктоочу концертте обон созгондо Хрущев тура калып кол чаап, басып келип, кайра-кайра ырдаткандыгын Эл артисти Турсун Уралиев эскерген.
Мыскал "Алымканды" бир нече мүнөт созгондо акустикасы мыкты Чоң театрда ала-тоолук ырчынын үнү дене бойду дүркүрөтөп, укмуш жаңырыптыр. Албетте, кол чабуудан зал жарылып кете жаздайт.
Балкондо отурган Хрущев Мыскалдын жанына келип, "Алымкандын" созгон жерин кайра-кайра кайталатып, абдан таасирленип уккандыгын, ал ирмемди кинокамералар тартып калгандыгын Уралиев айтып берген жайы бар.
Көмүскөдө калган обончулук, айтылбай калган сыр. Өмүрканова ырдоочулуктан сырткары бир топ обондорду чыгарганы менен аны элге айтып, жар салбаганын музыка таануучу Балбай Алагушев жазган.
"Өзүмө ылайыктуу ырлардын аздыгынан көңүлүм түшкөн ырларга обон чыгара коюп, ырдап жүрдүм. Бирок, эл мени ырчы катары билгендиктен анымды эч кимге деле айтпай, концерттерде элдики деп аткарар элем. Иштешкендердин ичинен Осокем (Осмонкул Бөлөбалаев) билчү", - деп айтып берген экен.
Талантты барктап, сыйлай албай… Өмүрканова 1941-жылдан тарта 1965-жылга чейин Кыргыз филармониясында алгач, хордо кийин өзүнчө ырчы болуп эмгектенген. Ал элүүнүн кырына жеткенде эмнегедир филармония жетекчилиги тарабынан пенсияга "жөнөтүлгөн". Мындай чукул чечим ырчынын өзү, коомчулук жана кесиптештери үчүн күтүүсүз болгон. Сахнадан алыстап, ырдабай калуу Мыскал үчүн бир топ оор болгондугун анын замандаштары, жакын санаалаштарына дароо байкалган. Өмүрканова эс алууга узатылса да, үйдө отура албай, келип-кетип жүргөн.
Кытайда кыргыз маданиятына өмүр берген Жусуп Мамай туурасында кызыктуу 7 факты
61 жаш… 1976-жылдын 25-декабрында Фрунзе шаарында ырчы көз жумган. "
Өмүр издери. Ал эми ирет (1951-1959-жылдары) Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болот. Ленин, эки ирет Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар менен сыйланган. 2015-жылы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси республикалык масштабда белгиленди. Залкар таланттын юбилейине карата журналист Шамшыкеевдин сценарийине белгилүү режиссер Темир Бирназаров "Мыскал эже" аттуу даректүү тасма жаратты.
sputnik.kg ... киного сылклка: • Video

Опубликовано:

 

6 янв 2021

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 34   
@user-pj2bv8ns7l
@user-pj2bv8ns7l 2 года назад
Жетимишке жакындап калдым мындай үн жок, бул кишинин унун уккандан тажабайбыз , бул кишинин унун чогултуп шаншыткан адамга миң мертебе рахмат, таазим.Кандай гана сонун керемет.
@user-vu2lk9cz6c
@user-vu2lk9cz6c 2 года назад
Улуу ырчы, табигый таланттуу, элибиздин сыймыгы өлбөс-өчпөс Мыскал Омурканова!!! Мен ал кишини өз көзүм менен көргөнүмө сыймыктанам. 60-жылдары эле, кичинекей баламын. Кереметтүү Алайга (Гүлчөгө) концерт коюп бир топ белгилүү ырчы-акындар келип калыптыр. Алардын баарын биздин коңушубуз, тууганыбыз Тайлаков Эргеш акем коноктоп калды! Аябай шаңдуу отурушту, ырдашты, комуз чертишти... Ал эми биз умтулуп, орун талашып бири-бирибизден терезеден баш салып карап турганбыз!!! Эмнегедир менин эсимде Мыскал энебиз эсимде калыптыр, ырдаганыда, сүйлөгөнүда! Кийин канча убакыт ичинде мактанып жүргөмүн ушул окуяны айтып!
@mumble2738
@mumble2738 3 года назад
Чындыгында улуу ырчы элдин журогунон орун алган !!! Улуу ырчынын унун шаншыткандарга таазим!!!
@user-eg6tu2hh2f
@user-eg6tu2hh2f 3 года назад
Мындай ун талант 500жылда бир жаралат болуш керек
@user-ex5sq7ge3b
@user-ex5sq7ge3b 3 года назад
Кандай гана керемет үн! Кандай улуу талант! Бала күнүмдөн тажабай угам. Кайра качан жаралаар экен мындай үн, мындай талант?
@user-zq7cx8uj7y
@user-zq7cx8uj7y 3 года назад
👍👍👍🎼🎶👏👏👏💕🌹🌹🌹спасибо !!! Великая, легендарная МЫСКАЛ с необыкновенно красивым голосом, прекрасным владением комузом!!! Неповторимая и самобытная!!! Гордость Кыргызстана🇰🇬!!! Браво!!!
@user-eg6tu2hh2f
@user-eg6tu2hh2f 3 года назад
Мындай ун жок азыр уга элекмин мындай татаал ырларды эч ким ырдай албайт соз жок бир жаралган талант экен эле
@user-ww2hx3ng5f
@user-ww2hx3ng5f 10 месяцев назад
6:44
@ermekkyrgyzbaev6931
@ermekkyrgyzbaev6931 2 года назад
КАЙРАН ТАЛАНТ . 😢😢😢❤❤❤👍🏻👍🏻👍🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@user-vd5hb4sv9g
@user-vd5hb4sv9g 2 года назад
Мындай үн, мындай талант дагы жаралар бекен,мен 16 жашымдан бери берилип угам,азыр 62 жаштамын
@user-kx2vm7ci8j
@user-kx2vm7ci8j 3 года назад
Керемет добуш чыныгы кыргыз ону!
@user-hu1nz7vv9w
@user-hu1nz7vv9w 3 года назад
1961 жылы 5 мартта мен төрөлгөм.Ошондо менин атамдын иниси ушул Мыскал Өмүрканованын ырларын жактырып жүрүп, менин атымды да Мыскал деп койгон.Мен ушул атты алып жүргөнүмө сыймыктанамын.
@user-ns8lk2eh7v
@user-ns8lk2eh7v 2 года назад
Аттиң ай!....эмне деген үн?...табыгый талант.Мен дагы ушул ырлардын үстүндө,чыгармачылыгымды улап келем. Мыскал апага окшоп ырдаганга далалат кылып,талантын улап.Керемет талантга таазим!
@user-yj3fv6if1y
@user-yj3fv6if1y 3 года назад
Кандай укмуш обон доош кайра жаралаар бекен
@user-rf5in4yf3q
@user-rf5in4yf3q 2 года назад
Мыскал апабыздын үнүндөй үнжок укун еле келеберет .
@user-dc2sj4hl2d
@user-dc2sj4hl2d 3 года назад
Богиня пения... Эпоха в культуре.
@ForceMajore
@ForceMajore 3 года назад
Апамдын унун уккандай болдум.
@user-cq8pg7ty2d
@user-cq8pg7ty2d 3 года назад
это проста класс😊
@mumble2738
@mumble2738 3 года назад
Кандай гана укмуш уну комузу кандай гана шанкылдайт .Мыскал эжекебизди кайрадан алыпчыккандарга терен ыраазычылык бар болгула!!!
@tologonjoldoshov4378
@tologonjoldoshov4378 9 месяцев назад
Мен 48- жылы туулгам. Биз жаш кезден ушул үндү угуп чоңойдум. Мыскалдын үнүн Үндөрдүн падышасы деймин. мындай өзүнө тартып турчуу сонун үн бир Ырыспайда Андан кийинкилерде да бар бирок мындай талант унду угат элекмин.
@user-gm7ov3xe2t
@user-gm7ov3xe2t 2 года назад
Мен. Мыскал жжение таланты на арбагына таааазим кылам
@ashirbekdusheev8069
@ashirbekdusheev8069 Год назад
÷! Ь
@seed9065
@seed9065 2 года назад
Ошол доордо айылдан борборго келип онорун элге тартуулап, филармонияда иштер, Москвада кремль де ырдоо, орден алуу бул бактылуу омур суруу, Аллахымдын суйуусуно, мээримине ээ болуу...ар бир эле айылдагы талантка мындай бактылуулук насип болбойт...тем более 30-40 жылдары, азыркы кундо болгондо Димаштай болот эле- певица мира болуп, азыркы техникалар менен унун созуп....несомненно
@Alyyn-xz4cm
@Alyyn-xz4cm 12 дней назад
Мыскал.эженин.ырларын.көбүрөөк угузуп туруңуздар Арбагы ыраазы болсун.Дыйкандын өлбөс. Таланты ырларын.чыгарган инсанга.кудайым.эки дүйнө бактылуук.берсин
@A1han.
@A1han. Год назад
Алымканды ырдаганда созгондо бах не деген ун керемет эжебиз кыргыздын чыныгы артистиартисти
@Gayhar-um1cx
@Gayhar-um1cx Год назад
👍🏻👍🏻👍🏻
@nurlannyshan2697
@nurlannyshan2697 Год назад
Муну жарыя кылгандарга терең алкыш! Шералиевдин "Ойло сен" аттуу ырын дагы эң мыкты ырдаган эле. Тилекке каршы бул жерден орун албаптыр.
@Mikassa_sport
@Mikassa_sport Год назад
, 👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@Muhammed-333
@Muhammed-333 3 месяца назад
МЫСКАЛ. ЖЕЖЕНИН. УНУН. УКАН. САЙЫН. УККУН. КЕЛЕ. БЕРЕТ
@A1han.
@A1han. Год назад
Ала тоо ну унунуз таншып турсун бийиктен
@A1han.
@A1han. Год назад
Эски дейбей бат бат эфирден угузуп туруш керек
@user-ul8cy4uy9p
@user-ul8cy4uy9p 2 года назад
0
@Ca-en5ty
@Ca-en5ty Год назад
🙏🙏🙏👍👍👍👏👏👏❤️🌹🌷💐
@user-dj2kw2hk3l
@user-dj2kw2hk3l 10 месяцев назад
Суедай оон эчкачан жаралбай бир эле трролуптур Мыскал рмурканыва
Далее
Мама ударила дочь #shorts #iribaby
00:17