Бизде Барак деген чоң атабыз болгон ал боозу үйгө жатканда буту чыгып турчуу, ат чыга албаган жеке арчаларды таамыры менен жулуп аттарга ыңгайлуу кылып аттарын айдап чыккан! Эн кызыгы ошол арчалар азыркы учурда дагы бар! Сынган кылычтын кее бир жерлеринде кездешет, ал жөнүндө кантип китеп чыгарса болот? Кимге кайрылса дегендей
Таласка урмаралдык Сарбан палван жонундо казак Кыргыздын ортосунда чон палван болгон деп угам казактардан чон байге алып жургон казактын хажымухан палванын женген деген уламыштар бар ошол палван жонундо изилдесенер болот еле уруусу сакоо деп уктум еле
Ак-суу районунда Арык уруусунан балбан Сарке чон атабыздын тогуз балбан балдары болгон экен. Каракулак деген кичуу баласы тойдо Тоо балбан менен курошко чыгып кокус омурткасын сындырып алыптыр. Коз тийип туну менен бир баласын жети сууну ашырып Ош тарапка кетирип жетишиптир. Кийин озу да жер которуп барып туяк улап келиптир.
Жумаалы балбан жөнүндө айтылбаптыр. Жумаалы Кожомкулду жыккан жалгыз адам болуптур. Тигил аксакал айткан Кожомкулду жеңген Дунган жөнүндө укпаптырмын. Укканым Кожомкулду Жумаалыдан башка адам жеңген эмес. Аксакал айткан Дунган балбан ошол Жумаалы десек анда Жумаалы Абдырахман балбан менен эңишкени жөнүндө маалымат жок. Тескерисинче Жумаалы эч кимден жыгылган эмес дешет.
Чаткалдан Сумсар айылынан Доолот балван чыккан сураштырып даректуу дасма тартсанар жакшы болмок азыр урпактары бар менда ошолордун урпагымын Кожомкулдан кем калбаган балван екен