Чычырканактын пайдалуу касиеттери
Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеӊири колдонулат. Аны такай жеп туруу - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эӊ жакшы ыкмасы. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуӊдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеӊиз, организмиӊиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.
Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маӊызын же чайын пайдалануу зарыл. Маӊыз мындай жасалат: 1 чоӊ кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу керек. Жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичилет.
Бул жемиштин иммундук системаны бекемдөөдөгү ролу да абдан чоӊ.
Аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемиш оӊ натыйжа берет.
Курамында темир көп болгондуктан, аз кандуулукта жана алсыроодо жардамга келет.
5 окт 2024