Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча бир-эки күндө чечим кабыл аларын 2-февралда "Азаттыкка" билдирди.
"Азыр шайлоочулар менен кеңешип жатам. Бир-эки күндүн ичинде маалымат беребиз. Агамдын (Камчыбек Ташиев - ред.) тарбиясын алгам, анын кеңешин, шайлоочулардын өтүнүчүн эске алуу менен чечим кабыл алабыз", - деди ал.
Буга чейин Temirov LIVE Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган. Эки күндөн кийин анын автору Болот Темиров жана командасындагы төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.
Бул окуядан улам Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйын берип, иликтөөдө айтылгандарды четке каккан. Ошондой эле, иниси депутаттык мандатын тапшырарын жарыялаган.
"Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Шайырбек Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим Temirov LIVE деп аталган RU-vid каналынын иликтөөсүндөгү маалыматтар текшерилгенден кийин кабыл алынарын билдирген.
Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты, бир тууган иниси Шайырбек Ташиевдин мандаты тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна учкай жооп берип, маселени анын шайлоочулары менен парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы чечерин айткан.
Шайырбек Ташиев соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округунан шайланып келген жана парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган. _________________________________________
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - www.youtube.co....
Телеграм - telegram.me/Az...
t.me/azattykrus
21 сен 2024