Нурак атанын жаткан жери жайлуу болсун!Кыргызга керемет ырларын,куулорун таштап кетти туугандар барктап баалап алалы!!!аткаруучу соз жок сага не деген талант орконун оссун!!!
Очень красиво и проницательно!Песня бесценна! Человек постарался, вжился. Эмоциям нет предела! Я рад, что родился в этой прекрасной республике!Процветайте братья Кыргызы!
Бабалардан калган сүйүү ыргагы, Бул жашоонун көркү көңүл ачууда. Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай, Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына. Сенсиз көрккө келбейт, Жазгы тентек желдей, Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей. Билчи, жаным, билчи, Жан дүйнөмө кирчи, Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей. Бир берилген шаттуу өмүрдө, Кир кетпесин аруу көңүлгө. Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай, Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө. Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет, Конок сымал коомай карап турсаң да. Максаттардын сересине умтулуп, ай, Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да. Назик көркү гүлдөй, Керемети күндөй, Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин. Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден, Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү. Чындык ошол жашоо шартында, Эмне жетсин бийик арзууга! Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай, Сен да мага аппак сүйүү тартуула. Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай, Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
Журоктон чыккан кана создор, журокко жетет. Ал эми журоктон аткарылган чыгармалар журоктун тупкурунон оорун алат. Канча уксан даагы тажабайсын. 👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
Кыргызымдын бозо уйу , уч кыл комузу , башындагы ак калпагы , Ала-Тоосу , бир-биринен нечен кылымдар бою ажырабай Кыргыз -деген улуу элди Кыргыз экенинен озгортпой , кыйын кезен, оомалуу-токмолуу тарыхтын карт барактарында ташка жазылган тамгадай , улам мезгил нарылаган сайын кайра жан,ы боек менен коркуно чыгарып келет.
Булырды коп ырчылар ырдашыптыр .Акматка жакшы жарашыптыр .Кыйкырып ырдабай ,конур ун менен жэткизе куйрук чыгарбай таза кыргыз ун менен жэткизе ырдапсын балам .Ото бийк тонго тушобербей ,конур уккулукту унунду сакта балам .Чыгармачылык ийгилик каалайм .
Ушу Кыргыз элиме тан калам. Эмне болбосун, кемилик издеп, аны сындоого киришебиз. Андан коро колдоп класс басып, жакшы создорун калтырып кет да. Же жаман такыр жазба
Бабалардан калган сүйүү ыргагы, Бул жашоонун көркү көңүл ачууда. Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай, Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына. Сенсиз көрккө келбейт, Жазгы тентек желдей. Жансыз күндөр өттү басып ирмемдей. Билчи, жаным, билчи, Жан дүйнөмө кирчи, Сени күткөн бакыт эшиги ачып бергендей. Бир берилген шаттуу өмүрдө, Кир кетпесин аруу көңүлгө. Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай, Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө. Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет, Конок сымал коомай карап турсаң да. Максаттардын сересине умтулуп, ай, Ай, жылдыз, ай, сербеп колду сунсам да. Назик көркү гүлдөй. Керемети күндөй, Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин. Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден, Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү. Чындык ошол жашоо шартында, Эмне жетсин бийик арзууга? Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай, Сен да мага аппак сүйүү тартуула. Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай, Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.