Сагындыңбы?.. Мен да сагындым… Кусалуу бир күнгө кабылдым. Буйругу жок ушул тагдырга, Таарындыңбы?.. Мен да таарындым… Кайырма: Жолугушуу болду арманым, Жолукпайбыз эми ардагым. Жолду карап эми издебе, Жалгыз аяк жолдо калгамын. Кыйналдыңбы?.. Мен да кыйналдым… Мүдүрүлдүм бирок сынбадым. Жүрөгүңдү эзип жалгыздык, Унуттуңбу?.. Унуталбадым… Кайырма: Ыйладыңбы?.. Мен да ыйладым… Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым. Жанга баткан жалгыздык ырын, Ырдадыңбы?.. Мен да ырдадым… Кайырма: