Кайран гана АСЫЛДАР жаткан жериңер жайлуу болсун. Аллахым сиздерге Элмирбек байке, Элмира эже фирдаус бейишинен орун берсин🤲🙏😢. Кайталангыс таланттар😢😢😢
Эльмира Кайып кызы мен сени жоктойм.Кандай гана керемет ун.Туп тунук ун.Ырдалбай кандай соун ырларын калды.Элмирбекчи эки булбул.Арман арман арман ай.Булбулдар ээрчишип кете бердинер.
Элмира менен Элмирбек жаткан жеринер жайлуу болсун.Ыры менен аткаруучусу куп жарашчу эле.Элмирадай Булбулумду эч ким аткара албайт.Озу да булбулдай уну таза жан эле аттин арман, Асылдардын орду толбой турат😢😢
Булактын шыңгырындай көркөм добушуңдан жаңырбайбы эми...кандай жаркылдаган асыл жан элең..аттиң...жаткан жериң жайлуу болсун, дештен башка арга калбады.....
Ох чиркин ай! Эмне деген ыр эмне деген аткаруу! Кайран кана кыргызымдын булбулдары 😢 Элмирбек дагы Эльмира дагы жокко азыр😢😢😢чиркин омур! Омур! Тынч жаткыла асылдар!
Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап, Армандуу сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө, Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал бакта адашып күүгүм калган, Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы? Ашыгын издеген үрүл таңдан. Кайырма: Булбулум, булбулум, ай, Буулуккан кургурум, ай. Бул кечте үнүң баспай, Буулуктуң неге мынча, ай, Булбулум, булбулум, ай? Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон, Жашоодо жан жок, эй боздобогон. Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү, Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон. Сайрашың өткөндү эске салып, Санааркайм, ал күндөр четте калып. Буулуккан булбулдай сени жоктойм, Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып. Кайырма: Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап, Азгырып сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө, Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал бакта адашып күүгүм калган, Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы? Ашыгын издеген үрүл таңдан. Кайырма: