Туугандар чынында Элмирбек, Аалы, Идирис, Акмат, Турат, Изат, Гүлькайыр жок бираз супсагыраак болуп калгандай. Жеңишбек байке молодец жалгыз болсо да тартып кетти. Мисалы, Аалы менен Балгынбек, Элмирбек менен Айнуранын экинчи ирээт, реванш-айтыштары сонун болмок экен.
@@almasbekbakiev8804 фамилияң жаман киши экенсиң! Мурда Жеңишбекти катардагы акын катары эле кабыл алышчу көптөн бери жаш акындар гана айтышып мурунку акындардын жогору деңгээлде айтышаары анык болуп калды деген мааниде жаздым тоок мээлер туура эмес кабыл ала берет сага окшогон!
Чыккан акындардын арасында эң күчтүүсү Жеңишбек болсо колдойт да. Аалы, Идиристер, Элмирбектер чыкса деле ошондой колдомок. Калгандары жаш балдар болуп атпайбы. 2014 жылы, Токтогулдун 150-жылдыгындагы Айтыштагы биздин акындардын деңгээли бир нече жолу жогору болчу, бул жолу Жеңишбектен башкасы бир аз чийки болуп калды. Негизи эле бул айтыш көңүлгө толгон жок.
Айтыш аябай кызыктуу болду жан дуйном ырахат алып,залды жарып суроп отурдук. Женишбекке кудайым омуруно береке,оноруно береке берсин!!! Талантына таазим!!!!
Женишбек универсал акын любой жерде айтышка катышат башкалар озун ала качып журбой чыгышса болмок оздорун авторитет сезе бербей ушул айтышта намысты Женишбек сактап калыптыр
1:57:35 тиги баурыбыздын отурушу кантет? Оозу ачылып көзү аңтарылып калыптырго 😃😂 Амантай агай, жаштарга орун бериңиз эми. Ордуңузга Болотту чыгарсаңыз болмок да. Чал деген сөзүнө салмактуу жооп таба албай калганыңыз өкүнүчтүү. "Өзүңөрдүн шалыңарды кетире албай, Маган келип айтып турсуң, оның кандай?", - десеңиз болмок.
Жон койгулачы катыша берсин Амантай, каалоочулар жашына карабастан катышышсын. Элмирбек байкебиз да катышып журо бергенде дагы кандай айтыштар калмак эстеликке. Минтип бугун коюлуп, аны менен коштошуп жатабыз. Жаткан жери жайлуу болсун.
Айнура эжебиз азамат, тажрыйбалуу, күчтүү акын экенин дагы бир ирээт тастыктады. Эламанда азамат калышпай айтышты, бирок дагы сөз байлыкты көбөйтүш керек экен. "Аспабы жок немеге кызымды кантип берем?", - дегенге жооп таппай калганың өкүнүчтүү. Эламан сага менден экинчи шпоргалка, кийин дагы ушундай сөз болсо айт. "Аспабым жок болсо да колумда, Калган аспап ишенип кой ор-ордунда", - десең болмок.
@@Фаберлик1 Акындардай төгө албайм уйкаш менен, Бирок курч, олутту жообум менде дайым белен. Акындык өнөрдү мен жолдобой, Өткөрдүм убактымды башка иш менен. Ошентсе да кээде кээде ыр жазамын, Айтышты көргөндө да эс аламын. Жогорку баа бердиңиз сизге рахмат, Бирок мен чыкпай эле коеюн тыртактап. 😊
Нурсултан тууган колдогонуна рахмат.Биз,кыргыздар Айтышка дайыма кош байге саябыз.Баш байге,1-,2-,3-орунду казак акын да,кыргыз акын да ээ болот.Бирок,казак туугандар кош байге сайганынарды бир да уккан жокбуз.Бизден барган акындардын Казакстанга жарыталуу байге бербейсинер.Мен калыстык учун айтып атамын.Озунордун акындарынарга гана байгени бересинер ...
@@МамбетнурАрипов Салам привет. Қазақтың ақындары айтыста шаппа шапқа мықты айтысады оған дəлел, Сүйінбай мен Қатаған, Жамбыл менен Тоқтоғұл, Есенқұл мен марқұм Оразалы айтысы. Ринат пен Алы Аалы айтыстары. кешегі айтыста Жандарбек пен Мұқтардың айтысы нақ айтыстың үлгісі. Қазайстанға келгенде оларда алады орынды.
Сонун айтыш болду ! Боордошторубузга рахмат ! Бардык акындарыбыз мыкты ! Балгынбек Айнуркыз баштаган Жакшынакай акындар келишти Бар болгула ! Ийгилик каалайм!
Амантай агабыз бере албаган жоопту мен берип коеюн. Элүүдөгү акынды шал дейсиңдер, Келип алып кыргызга кет дейсиңдер. Өзүңөрдүн шалыңарга кет дей албай, Кыргызга келип алып не дейсиңдер? Дагы деле шалыңар баскарады, Көрөйүн, кет деп ошого айткылачы! Айта албаган сөзүңөрдү өз жериңде, Бизге келип айтасыңар онда неге? Нур агаңар Амантайдан өткөн шалгой, Бетинде сакалы көрүнбөгөн, Нур агаңдын сакалы кай жеринде? Амантайдын сакалы да сол жеринде. Өлөөр эчки койчунун таягына кашынат, Ыйлаар бала атасынын сакалына асылат. Деген макал бар билип койгун Кыргызымда, Сакалга сен асылбай, кой жайына. Кыргыздарда эркиндик бар, сөз айтканга. Наны бар анча мынча карды ачканга, Бирок баурым асылбагын Сары кашкага, Амантай теңтуш болот сенин атаңа.
Алтынбек Назаралиев калыстык кылышкан жок бишкеке тыгып албай 7 обулусту кыдырып ырдабайбы Эл калыстык кылсын ошол отургандар калыстыкты билбейт айтышты сагынган Эл билет
Шайлообек Отунчиев деле курч жооп берип төктү бирок, аз упай берип коюшту. Казак акынынын: "Бир жериңди кесип коем",- деген сөзүнө. Шайлообек: Кыргыздын бир жерин кесем дегендин, Башы кесилип, тоодон ылдый тоголонот!", - деген сөзү өтө чоң мааниге ээ. Казактардын ханы Кененсары кыргыздарды чабам деп келгенде. Кыргыздар анын армиясын талкалап, өзүн колго түшүрүп, башын алып коюшкан. Ошого намек жасап койду.
Сөз жок, Идирис күчтүү акындардын бири. Өзү келип катышпаса, ким колдойт аны? Акындар тандоо турга келип катышып, ошол жерден жеңгендер анан айтышка жолдомо алышты.
Ээээ кайдагы Бир чет элдик мааниси жок шайтан ырларды угуп жургон экенмин кыргыз болгонума мусульман болгонума чексиз шугур толкунданып ыйладым туболук бар кыргызым Жана казагым бирин боорум бирин журогум
Айтышты Айтыш кылган Садык агабыз, акындарыбыз улуу жана сулуу, эн негизги колдогон калайык калкым Кыргызстандык жана боордош Казагым бар болгула туболуктуу.
Азаматсын Эламан,ото тамашалуу айтыш куруп берипсин, элдин маанайы ачылып,кулуп жыргалга батышыптыр,комузу шыр ырдаган ар акындын колунан келе бербес,Айнурга да чон Рахмат ото сонун ырдап элдин маанайын которуптур,талантынарга таазим,чыгармачылык ийгилик!
Идирис акын кандайсыз неге мындай жерге келбейсиз саламым сизге алыстан капабыз биз калыстан, салаам сизге лейлектен шагирт болуп келмек мен кутом сизден жообун кудайым берсин сообун.
Казак бир боорлордун жаш акындарынан Нурланды ото баалайм Курган кор дунуйо кычаган жумуштун убакытын тардыгы ушул айтышка бара албадым Барып Нурлан менен таанышып ,дасторкон устундо баарлашсам не Аман болсок дагы келеерсин баурум Кыргызда сенин талантынды баалаган куормандарын бар экени эсинде болсун Нурлан баурум
Асылбек ошол бир Жакшы Комузду белек кылып койсон болмок мына тигине деп шылтоо айтпастан уят 3000 сом го алын жетпегени, Кийинки Жандарбек чапан жаабып уят кылып кетиптир Шайлообеке эртерек бере турган нерсени берип кутулайын деп мына создун торкуну кайда жатат Асылбек ардан эми колунан келбесе убада бербей жур Акындай болсон кичине.
Окунучтуу Э.Иманалиев А.Туткучев Идирис катышбаганы ушул акындар жообун мыктап бермек намыс коргогону такшалган акындарды чыгарса болмок Айнур озу сурап жатат Элмирбек досум кайда деп отто кызык болмок
Жамбашты , нысаптууга, тарткан сайын жей берүүгө болбойт го . Баш байге башка жаштарыбызга деле буюрсун да , эми Амантай менен Жеңишбекке да жетиштүү эми Булар эми айтыш боюнча профессор доктор болуп калышты Жаштарды чыгарышсын