Бали Баян Эл жер деп соккон журогуно,, таамай айткан ойлорунуна , ото ыраазы болдум Ийгилик Эл намысын, жериндин бутундугун баянын, комузун менен коргой Бер!!!!!!
Баян иним такшалган чыныгы төкмөлөрдүн бири бүгүнкү күндө. Керемет саптары бар, башкалар байкабаган нерселерди байкаган, жамандык көрсө жактырбай башын чайкаган, кыргыз-казак ырларынын обонуна салып төгүү жагынан уста, тапкычтыгы жанда жок, уккан адам болот шок, кыскасы, табына келген тулпар сындуу далай байгелерди багындыра турган төкмө акыныбыз деп сыймыктануу менен айта алам. Ал эми казактын белгилүү төкмө акыны Балгынбек Имаштын шакирти Данияр Алдаберген боорубуз дагы керемет төгүп укмуш айтыш болду. Жалпы элдин моокуму канып, ыраазы болду чынында. Залкар төкмө замандашыбыз Элмирбек Иманалиев айткандай: "Айтыш - эки акындын улуу баарлашуусу". Ооба, адам баласы баарлашуу аркылуу гана бири-бирин таанып, бири-бирине жакындайт эмеспи. Андыктан, Баарлашуу - биздин бактыбыз! Акыйкатты пир туткан, Акындар - биздин жакшыбыз! Эки элдин боордоштугу, акындарыбыздын достугу, мамлекетибиздин эгемендиги түбөлүк бар болсун! Жараткан өзү жар болсун!!!
КАЗАК баурум молодец красавчик экен жарайсын КАЗАГЫМ менин эн жакыным баурларым аман болгулачы АЛЛАХЫМ тынчтык берсин дуйнодо менин эн жакыным баурларым
Баян иним омурун узун болсун! Агабыз Замирбектей залкар бол! Сенда кыргызымдын намысын бербеген акындардын бирисин Аман бол иним! Онорун оркундой берсин!
Эми, Баян иниме айла жок такшалган төрт тарабы төп келген акындарыбыздын катарын толуктап келүүдө, бирок, Данияр инибиз мыкты чыгып келаткан акындардан экен, башка казак акындарына салыштырмалуу чукулабай акындыктын этикасын, адебин сактап төгөт экен, мындай төмөлөр тилекке каршы кийинки мезгилде сейрек кездешүүдө, айрыкча боордоштордун арасында!
Эң жакшы айтыш болуптур! Эки акын бири бирине шыкак берип, алдыга сүрөмөлөп айтышыптыр. Кыргыз акындарына айтаарым; айтыш учурунда комуздан колун ала коюшуп, жаңсап ийгендери жакшы жарашпай турат, аргументи жетпей жаткансып колдорун жаңсай бергени дээрлик баардык акындарыбызда бар... Улуу акындарыбызда мындай өтө өөн көрүнүштү байкаган эмес элек. Комузду алып чыккан соң, кармаган колуңду бошотпош керек го!
Баракелде Баян акын Кыргыздын такшалып калган чыгаан акынысың Сенин ар бир төккөн ырың жүлүндөрдү аралап, жан дүйнөдөн өтүп, жүрөккө жетет Бар бол акын Баян Кем болбо Кыргыздын намысын колдон алдырбаган чечен акынсың Сага ийгилик каалайм Казак акыны да жакшы айтыш курду
10 дон ашык ирет кайталап көрдүм. Эмнегедир кайра кайра уккум келип . Чыныгы достук , адамгерчиликтин айтышы болду. Казак укса казак экендигине , кыргыз укса кыргыз экендигине сыймыктанчу айтыш болду. Жашагыла акындар 🇰🇬🇰🇿
Аллахым бизге берген атанын уулу Баяман иним сиздей уулу бар Кыргызымдын келечеги кең.Мааша Алла жаман көз жаман сөздөн сакта АЛЛАХЫМ алты миллион Кыргызымдын сыймыгы төкмө Баянын 🙏🙏🙏
@@bayanakyn Баян алтынбай мен 73 жаштагы эле кемпирмин бирок бир да сенин чыгармаларынды узбой коромун сенин талантынды озунду чын журоктон жакшы коромун сен акылын мн тунук ,ыйманын мн ыйык билимин мн бийик эмгегин мн улук ой толгоон кучтуу фантазиан кучтуу соз байлыгын кучтуу инсансын уй булон мн бактылуу омур сургун жаман коздон ,создон кудайым сактасын мен кышкысын Бишкек жайкысын Караколдо жашаган Атыркул деген чон апан болом🤲🤲🤲тилеген тилектерин баары орундалсын
@@kg.44 Кыргыз Казак илгертен амандашкан адамдын денсоолугун сурап, тууган урук, уйбулоонун акыбалын сурап анан малжанынын амандыгын сурап учурашып келген. Азыр эле аллахтын денсоолугун сурап, дагы кайдагы ата бабам угуп тааныбаган араптардын акыбалын сурап амандаш деп 👊 арабынар менен биржеринерге эле кирип кетсенерчи.
Абдан жакшы. Намаз жатташ үчүн дагы тамга тааныш керек, ой жүгүртүү, рух, аябай керек экен. Окуганды билбесең чала болуп калат, ката жазган сымал, ката окуп койушуң мүмкүн деген эле ой. Азыр элдин баары намаз окуйт. Намаздан биринчи азыр окуп, билим алуу да парз! Тилегиңизге рахмат ... Намазыңыздан айланайын. Бирок Эл көрсүн болбосун. Бизге дуа кылыңыз.
@@bayanakyn Оба тууган ! АЛЛАХ раазы болсун аамин, Учурдун илими парыз , парыз айын, Илим -билим алуу милдет, киде кимдин намазы турса куноодон алыс болот, Уша ,калп суйлобойт Ичи таар Коро албас м-н оорубай,
@@user-lv5ph5sz1d Озун эмесби автор канала болуп туруп, патхалим деп жазыпсын бул жерде саясатты аралаштырба корорман озу баалайт президент туурасынан соз жок.