#Эрбала #ашыгым #басс #ыр #эрнистумонбаев #арслансадыбакасов #музыкавмашину #jax #bakr
--------------------------------------------------
@Erbalamusic
--------------------------------------------------
Сөзү: Эрнис Түмөнбаев
Обону: Эрбала
Аранжировкасы: Арслан Садыбакасов
--------------------------------------------------
«Ашыгым»
Текст песни
1-куплет
Жарыксың жалын нурдан,
Жамалың багындырган.
Жансыңбы сагындырган?
Күүгүмдөп бул ааламым,
Көрбөсөң кубарамын,
Көрүнчү суранамын.
Жылмайсаң күндөй жүзүң,
Жыргалым күндө сүйүн.
Жыпарлуу гүлдөй сүйүүм.
Айланам наздыгыңдан,
Ай сенин жаштыгыңдан.
Аздектейм баардыгынан.
Припев:
Айсыңбы,жылдыз эмнесиң?
Ашыгым жаркып жердесиң.
Кызганам, сени башкалар,
Кыялым такыр көрбөсүн.
2-куплет
Ашыкмын жүрөгүмдөн,
Арзыдым сүйөмүн мен.
Арзуумду көздөрүмөн,
Ансыз да билесиң сен.
Багым бул мага келди,
Бакытты ала келди.
Балдайым аселдейим,
Байландым сага эми.
Припев:
Айсыңбы,жылдыз эмнесиң?
Ашыгым жаркып жердесиң.
Кызганам, сени башкалар,
Кыялым такыр көрбөсүн.
---------------------------------------------------
@AFERA Музыка. Все права защищены. Музыка и видео защищены авторским правом.
27 окт 2024