Жогорку Кеңеш бүгүнкү, 23-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карап, колдоого алды. Мыйзам маанисине ылайык, ар бир үй-бүлөдөгү 3-баладан тартып ар бир наристеге 3 жашка толгонго чейин жөлөкпул төлөнөт. "Бул көмөк үй-бүлөлөрдүн социалдык абалына көз каранды эмес", - деп түшүндүрдү демилгечи депутат Камила Талиева ушул эле күнү “Парламент” радиосуна курган маегинде.
#ЖогоркуКенеш #ПарламентРадиосу
#parlamentradio
23 май 2024