Негизи, жылда мугалимдерди аттестациядан өткөрүп туруш керек. Айылдарда бүт заочниктер толуп кетти. Мугалимдердин билимин текшерип тургула, урматтуу билим берүү министрлиги!!!
@@Салта-т6з , 100дөн бири. Мисалы, мен 5 жыл очный окуп, 2миң зарплата маалында иштегенмин. Ошол маалда жаш мугалимсиң, методика үйрөн деп жумасына бир күн ар мугалимдин сабагына катыштырчу. Ошол мектепте өмүрүндө университетке барбай эле акча төлөп бүткөн жаш мугалимдер көп болчу. Даже доскага числону туура жазбаган, үтүр, точка сыяктуу тыныш белгилерди коё албаган мугалимдерди көрүп аябай таң калганмын. Жогорку билимдүү деген адам өзүнүн кесибин мыкты билгенден сырткары, башка предметтер жөнүндө дагы түшүнүгү болуш керек. Бүт темаларда сүйлөшө алган, кругозору бай, өзү маданияттуу, окуучуларга үлгү боло турган инсан гана мугалим болуш керек. Балдарга жакшы билим бербестен айлык алуу бул туура эмес деп ойлойм.
Методика жокта, райондук билим берүү бөлүмү карабайт, алар жөн эле отурушат эгер чын болсо. Райондук билим берүү борборун иштетиш керек, алар жөн эле отурушат.
Эң жакшы тема экен. Мен чет жакта жашайм. Анг.тилим начар. Мектепте окуган эмес белең деп көп сурашат? Эмнени айткым келет, булар мектептен эле терең сүйлөп чыгышат, компьютер программаларын программисттердей эле билишет жаш карысында карабай. Кейиштүүсү ошол балдар 11 жыл окуп, жыйынтык көрсөтө алышпаганы.
Мен мектепте окуп жургонумда чет тилден эжеке ото жакшы сабак отчу.Карамат эжеке Апиза эжеке аябай жакшы билишчуу...биз озубуз кунолубуз убагында аракет кылбаганга
Мугалимдер багыт кана берет!!! Мен 11 класска чейин билчуу эмесмин азыр эркин суйлойм эч кандай курска барган эмесмин бизде журот толтура чет элдиктер элементарно Пакистан Индиялык студенттер мн достошуп суйлошкуло 5 айда суйлоп каласынар мен ошолордун жардамы мн уйронгом жайында туристерге гид болом, баланын каалосу жок болсо оксфорд, кембриджге алып барсанар да окубайт!!! Гуноо озунордо мугалимде эмес жана эчким 100% билбейт себеп дегенде тил дагы болунот медицина, образовательный, дипломатический, жб
Английский курстарда окуткандай окутса жакшы болмок мектептерде болсо Советский система менен окутушат билбеген баланы сразу уруша баштайт кемсинте башташат
Мен учурда айылда үйдөн окуучуларга англис тилинен кружок ачкам. Ага алфавиттен баштап үйрөнөм дегендер келет. 3-классы деле, 7-классы деле деңгээли бирдей. Окуй алышпайт, тамга тааныбайт. Эптеп - септеп класстан-класска көчүп окуп жүрө беришет окшойт. Атайын методика менен өтөм деп айтпайм, керектүү маалыматты интернеттен алам. Сөзсүз оюндарды кошом. Жыйынтык жакшы, келген балдар окуп чыгышат
Билим берүү министрлиги англис тилге болгон мамилесин өзгөртүүсү зарыл. Эң жок дегенде Oxford University Press деген редакцияные китептерин киргизүү замандын талабы. Тил чет жакка кеткени эмес, Кыргызстанда жашасаң да керек, бардык эшиктер ачылат
Англис тилин уйронуш керек, орус тилин уйронуп эле каяка барып жатабыз? Максимум рф мыкты таксист же дагын бир жумуш, англис тилин билген мекендештерибиз алды Америкада программист болуп журушот
Ошону айтсам деле бул гөр КИРГИЗДЕР түшүнбөдү орус тилин үйрөнсөң деле 10 сорттогу адамсың цыган киргиз заебали вы пачками приехать деп сөгөт Европада Америкада Азияда Дубайда эч ким сөкбөйт адам катары мамиле кылат
Негизи тунук ой жүгүрткөн адамдар мурда эле түшүнүп жетишкен Англис тили бул илимдин жана дүйнөнүн тили технология техника илимий ачылыш бүт англис тилинде ачылат ,Орускулдар экинчи тилди Англис тилине өзгөртүүнү каалашпайт ко бизде
СЕН ОРУСТАР БОЛБОСО ТАМГА ДА ТААНЫБАЙ КАЛМАКСЫН.ГАЛДИРЕП СУЙЛОБО ОРУСТАР СЕНИН АПАНДЫ ТОКОЛГО АЛГАН ЭМЕС ОЧОШКУДОЙ, ОЙЛОН СЕН,КУЛ БОЛСОН ДА ОРУСТАР ДАН АЛГАНСЫН БААРДЫК БИЛИМ МАДАНЫЙАТЫ.АМЕРКА КЕЛИП УЙРОТКОН ЭМЕС САГА ,КОШУНАНДЫ ЖАМАНДАБА.
Белгилуу бары билет англис тилин мугалим жакшы откорбойт, иштебейт эптеп сабакты откормой и болду, жакшы методика менен жеткируу ар бир окучуга откоруу деген жок, а бирок зарплата алышат. И жеке эле ангил тили эмес башка сабактар предметтер жакшы методика аркылуу жеткизуу вообще эле жок.
Аттестация эчтекени чечпейт.Бирдеме болсоэле мугалимдерди куноолой беребиз.Мектеп эмес садикке бара элек балдар деле англисче суйлоп жатышат.Англисче эмес чон клаасын балдары кыргызча создорду туура жаза алышпайт.Ошого Ким куноолу?Болот балабогунан дегендей,баланын озунон болот.Мугалимдерге асылбайлы.
Тилге МКТАЖДЫК болгондо ИЛИБОЙ додой дурак дагы уйронот.Мектеп жон гана базовый берет да.Муктаждык болгондо Сен курска барасын .Жон гана барбай акыга окуйсун.Акча тологондо кандай окубайт экенсин корунот.Азыркы заманда Кемчонтойду да окутуп коем деген Дуйшон Макаренко кереги жок деп ойлойм.
Словар жатоо менен бала тез үйрөнөт мектепкете китептеги теманы өтүп чыгып кетет балдар ал тема емне жөнүндө екенин түшүнбөйт дагы кайра еле ошол темадан тапшырма берет словар жатпайт менимче күнүнө 10 сөз жатса 9 айда 500 сөз үйрөнөт ошондо еркин сүйлөйт
Москвада 1 класстан кружок болот жумасына 2 жолу платно 2 класстан уже англис тили отулуп баштайт экен негизи кыргызстанда деле платно кылып отсо деле окутса керек дейм себеби курстарга деле барып атпайбы
Себеби практика жок, класстын эшигинен чыккандан кийин. Анг тили не родной язык болгон мамлекеттер телепередачалар англис тилинде+ астында субтитры озунун тилинде экен. Ошолор бат, мажбур уйронушот экен.
Журналист бул маселе боюнча суроолорду беруу менен англисче уйроотуунун жолдорун так корсотту. Айтылып кеткен себептердин устундоо иштоо керек. Урматтуу Элге билим беруу системасы. Актангандан алыс болгула.
Ассаламу алейкум мектепте отурган англис тили эч кандай жаман деп айтканга болбойт баары жакшы бирок окуучу балдарды кызыктыруу жана шыктандыруу мындай бир мативасия берүү болсо баардык бала окуйт мисал алсак ошончо бала окуйт Кеминде 20 ма дейли ошонун ичинен 3 же 4 окуучу жакшы өздөштүрөт аларга болуп сабак отпойтта мугалим баарына тегиз бирок ошол окуучуларда кызыгуу шыктануу бар болгон үчүн окушат мисалы эжейлерден эле эмес үйдө ата эне дагы шык жана кызыктыруу конун буруп туруу зарыл мисалы мен эч качан окууганда эмесмин англисче менде кызыгуу болчу ошого кызыгктарыр окутуу жана бир мындай жакшы план менен иш алпаруу жокта ошого окучу балдар көпчүлүгү үйрөнө алышпайт
Эмне учун окуучулар англис тилин билишпейт? Мугалимдер билишпесе окуучулар кайдан билишет. Азыркы кезде билими, опыты жок эле Мугалимдерди жумушка ала бересинер, Анан алар , Зачёт, Экзаменге акча алып эле баа койуп беришет. Кыскасы , Эмне учун окуучулар англис тилин билишпейт дегендин жообу , Коррупция ☝️ Албетте Мугалимдердин баары эмес, ☝️ 100 дон 50%
Мамлекет да аракет кылыш керек, окуучу да чекесинен тер чыккыча аракети керек, Бул жерде алма быш оозума точно туш деген Ньютондун мыйзамы иштебеш керек.
6-7 жаштан баштап эле уйротуп башташ керекго деп ойлом анг. тилин, менин уулум 1-кл да окуйт россияда, азыр курсга барып жатат анг. тили боюнча. Баланын билим денгээлин текшерет экен, курс баштала электен алдын. Менин балам 2 - баскычка отурду сразу эле, алфавит, эсеп, ж.б.у.с коп нерсе билет экен. Интернеттин пайдасы, анг. мультиктерден уйронуп алган экен. Баллардын кабыл алуусу жогору да, канчалык эрте билим алып баштаса ошончолук ийгиликтуу болот деген ойдомун.
Кызыккан гана окуучуларга уйротуп эле калганына ГИЛТЕЙГЕН 3 КОЮП КОЮШ КЕРЕК. баарын кыйнап не кереги бар. Кызыкпагандардын таасири кызыккандарга терс таасирин тийгизет
Азыр интернет онуккон заман да интернет да уйронуп алганы болот, мурунку адамдар китеп мугалимден эле уйронуп чонойушту, бул адамдын озунон деп ойлойм, кызыгуу жакшы болсо уйронуп алып кетет.
Журналист соройлор жок дегенде теманы туура койсонор.Окуучулар окуйт деген туура эмес.Окуучулар окушат деген туура.Орусча деле ошондой.Ученики бегает эмес,ученики бегут.ММКларда жазганда ката жазышбайт алар.
Мектепте жакшы окутпайт устуртон эле деген туура эмес.Жакшы мугалимдер бар окуткан.Бизди мектептен окуткан шугур.Кийин оз алдымча окуп Ютубтаг уйрондум.Аракет кылса болот!!!
Мектепте уйронот бирок жакшы окутушпайт.Мисалы мен 59жаштамын менин агайым орус болчу аябай жакшы окуткан мен азырда англ.суйлой алам чем жаштарга Караганда.Окутушпайт азыркы мугалимдерге наплевать. Лишь бы айлык Алма эсеп барып келип
Эжеке бул жерде анын эмне пайдасы бар 3 класстан баштап англис тили кирсе деп жатат эжеке бул жерде англис тилин 1 класстан киргизиш керек деп айтотат. Анткени англис тилин садикте уйронсо 3 класска чейин унутуп калат
Кээ бирлер билип билбей эле кыргыз тилиндеги китептер өтө эски дейт. Жаңысы да түрдүү болуп чыккан, бирок анын маңызы кандай? Баарын билбеген соң, билбеген жөнүндө эс нерсе айтпай эле койгон оң! Айрым адамдарда кыргыз тилибизде окутуу төмөн деген стереотип калыптанып калганы жакшы көрүнүш эмес. Андай сөздөрдү көбүнчө ар тараптуу терең билимдүү эмес, өздөрүн башкалардан артыкча көргөн, бирөөнүкүн туура деп эч айтпаган, адилеттүү боло албагандардан көп чыгарын байкадым.
Кимдер тарабынан интеррактивная доска,компьютерлер менен камсыз болуп иштеп жатышат 5 чи мектеп гимназия? Анткени коп эле мектептердин жок мындай мумкунчулуктор.
Мектеп багыт же базасын эле бериш керек деген нерсе туура эмес деп ойлоймун,сиздер жогорку окуу жай менен мектептин милдеттерин адаштырып жатасыздар.Мектепке бардык жаш балдар барып билим алуусу талап деген закон бар туурабы?Логикалык жактан жаш балдар билим алуусу талап жана милдеттүү болсо мектеп билимди толук кандуу жогорку даражада берүүсү керек .Ал эми бул жакта мектеп окуучусу айтып жаткан багыт берүүсү керек деген университеттерге гана тиешелүү(Университетте каалаганы окуйт же окубайт бирөөлөр эптеп бүтүп кетүү үчүн кээ бирөө ушул кесип менен эмгектенемин өзүм үчүн билим алам дегендер) Мисалга башка өлкөнүн мектеп окуучулары менен сүйлөшүп көрсөм алардын 80% англис тилин мыкты билишет экен бул дегени биздин окутуу системабыз жана мугалимдердин жакшы эмес экендигин көрсөтөт
4 класскаче кызым кыргызстанда окуду быйыл бешинчи классты Москвага алып келип мектепке киргиздим бир кун анг мугалим мени чакырып толтура суроо берди тан калып кантип кызынар анг язык билбейт даже тамга таныбайт деп мына сентябрдан бери 5 ай болду англис тилди азыр тамгасы наржакта турсун кошуп окуп шатыратат вывод окуутуп кетелган муналимдего айып деп калдым
Масквада мен кыздарымды окутам 3кл 1кл мектепте уйротот ,бирок мектептен сырткары курс и платный окуутам айына примерна 10мин ге чейин кетет Кр да деле толоп берсек окуутатда
Бут баары эле курс жонундо айтып жатат, бирок айылда курсту кайдан табат, жет балким акчасы жетпейт балдарын курска бергенге. А балким кеебир уй-булодо 4-5 баласы бар, кантип аларга акчасы жетсин. Ошон учун англис тилин мектептен жакшыраак уротуш керек, биринчиден методиканы озгортуу керек.