#жаңылыктар #бибиси #кытай
Жакынкы жылдары АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушунан улам Мексикада капиталдык инвестициянын көлөмү өстү. Анткени Кытай санкцияларды буйтап өтүү максатында өз компанияларын Мексикага көчүрүп, товарларын ошол жактан чыгара баштады. Ошол эле учурда кээ бир акшлык ири фирмалар да Азиядан Мексикага көчтү. Глобалдык экономикалык каатчылык учурунда мындай кадамдар Мексиканын экономикасы үчүн жакшы жышаан болгону менен, ал канчага чейин созулат деген суроо жаралууда. ББСнин Мексикадагы кабарчысы Уилл Грэнт өлкөнүн түндүгүндөгү Монтерре́й шаарынан баяндайт.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: / bbcnewskyrgyz
Вебсайтыбызга баш багыңыз: www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: / bbcnewskyrgyz
22 апр 2024