Эргиме! Алайдын асман тирген тоолору, үйүрү менен дүркүрөп жүгүргөн жылкы, ат чабышып жарышкан жигиттер, сабаада күшүлдөп бышылып жаткан кымыз, шаңдана, кыраан каткы коштоп Кара-Суунун талааларында пахта терген ак көйнөк, ак жоолук, кара кемселчен кыз-келиндер көз алдыңа тартылат. Болуш абанын жан эргитип, жүрөк толкуткан керемет күүсү - Эргиме!