Эстесем менден бөлүнбөй, Эң назик жумшак көңүлдөй. Ээрчитип кетип бараттың, Элесиң көзгө көрүнбөй. Эч тынчтык бербедиң, Толкунда термедиң, Белгисиз көзгө көрүнбөй. Шаркырап акса суу тунук, Сен жазгы гүлдөй кулпунуп. Кыраңдан кыя карадың, Кол сундум үнсүз умтулуп. Жылмайдың жай гана, Көрк кошуп айлана, Кол сундум үнсүз умтулуп. Элестеп жаттым өткөндү, Эзилип жүрөк өрттөндү. Сыймыктап бизди салкын жел, Сылады жашыл чөптөрдү. Алыстан коштоштуң, Аргасыз коштоштум, Алоолоп жүрөк өрттөндү. Элеси ошол мүнөттүн, Суусундай тунук мүрөктүн. Алгачкы сүйүүм арнаган, Ачкычы сенсиң жүрөктүн. Билээрсиң эсиңде, Айлуу түн кечинде, Ачкычын берген жүрөктүн.