Тёмный

ЭЭ МЕНЕН БАЯНДООЧТУН ОРТОСУНА КОЮЛУУЧУ СЫЗЫКЧА 

Kapar Momunaliev
Подписаться 25 тыс.
Просмотров 13 тыс.
50% 1

Көпчүлүк учурда сүйлөмдүн баяндоочу кыймыл-аракеттерди билдирген этиш сөздөрдөн туруп калат. Бирок бизге буга чейинки сабактардан белгилүү болгондой, сүйлөмдүн баяндоочу атооч сөз түркүмдөрүнөн - зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактоочтордон да болору белгилүү. Мисалы:
1. Билимдүүгө дүйнө жарык.
2. “Сиз” деген - сылык сөз.
3. Түнкү уйкумду бузган ким?
4. Унаанын баасы - 120 миң
Көрүнүп тургандай жана буга чейин билгендей сүйлөмдүн баяндоочу атоочтук сөз түркүмдөрүнөн да болот, т.а., баяндоочтор бир гана эмне кылды? эмне кылат? эмне кылып жатат? деген суроолорго эле эмес, ким? эмне? качан? кандай? канча? деген өңдүү суроолорго жооп болуп түшөт. Жогоруда айтылган атоочтук сөз түркүмдөрү баяндооч болуп түшкөн учурлардын айрымдарында ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча белгиси коюлат.
1. Эгерде сүйлөмдүн ээси да заттык маанини билдирген сөз, баяндоочу да заттык маанини билдирген сөз болсо, аралары сызыкча белгиси менен ажыратылат.
Менин өлкөм - Кыргызстан.
Ысык-Көл - кыргыз бермети
Атым - Адилет.
Кыймыл-аракет - бул ден-соолук.
Энелер - бул ааламды сактап туруучу жалгыз нур.
Ырыс алды -ынтымак
Биринчи сүйлөмдүн ээси “ өлкөм”, баяндоочу - “Кыргызстан”. Экөөбү тең зат атооч сөз, экөөбү тең атооч жөндөмөсүндө турат жана сүйлөмдүн баяндоочу сүйлөмдүн ээси толуктап, анын маанисин ачып, ойду тактап турат. Кийинки сүйлөмдөрдө да дал ушул эле көрүнүш: Ысык-Көл эмне? Кыргыз бермети. Атым ким? Адилет. Кыймыл-аракет эмне? Кыймыл-аракет - ден соолук. Же эмне ден соолук болуп саналат. Кыймыл-аракет. Энелер ким? Энелер - нур. Сүйлөмдөрдүн баарынын ээси дагы, баяндоочу дагы зат атооч сөз түркүмүнөн болуп, атооч жөндөмөсүндө турушат. Ошондуктан аралары сызыкча белгиси менен ажыратылды.
2. Эгерде сүйлөмдүн ээси ат атооч болуп, баяндоочу атооч жөндөмөсүндөгү зат атооч болсо, араларына сызыкча белгиси коюлат.
Бул - менин китебим.
Ал - Ала-Тоонун эркин учкан шумкары.
Бул жерде сүйлөмдүн баяндоочтору атооч жөндөмөсүндө турган зат атооч сөздөр, ал эми баяндоочу болсо атооч жөндөмөсүндө турган ат атоочтор болду. Ошондуктан сызыкча белгиси коюлду.
3. Эгерде сүйлөмдүн баяндоочу атооч жөндөмөсүндөгү ат атоочтор болуп, ээси заттык маанини билдирген сөздөр болсо да, аралары сызыкча белгиси менен ажыратылат.
Бир жумадан бери бүтүрө албай жаткан ишим - ушул.
Түнү менен уйку бербей телефон чалган адам - мен.
4. Ошондой эле эгерде сүйлөмдүн ээси да, баяндоочу эсептик сандар болсо, араларына сызыкча белгиси коюлат.
Жети жерде жети - кырк тогуз.
Жыйырма төрттүн жарымы - он эки.
Албетте, ээ менен баяндоочтун арасына сызыкча белгисинин коюлушунун дагы башка учурдары да бар, бирок азырынча ушул негизгилерин үйрөнүп алуубуз жетиштүү
СҮЙЛӨМДҮН АНЫКТООЧУ:
• СҮЙЛӨМДҮН АНЫКТООЧУ
__________________________________________________
СҮЙЛӨМДҮН ЭЭСИ
• Сүйлөмдүн ээси
______________________________________________________
Мыкты презентация жасоо, анын оптималдуу жолдору тууралуу видеосабактар:
www.youtube.co....
________________________________________________________
Кыргыз тилинин башка сабактарынын видеотизмеги:
www.youtube.co....
________________________________________________________
Аналогиялар, окуп-түшүнүү тууралуу сабактардын тизмеги:
www.youtube.co....
________________________________________________________
Сүйлөм мүчөлөрү
• Сүйлөм мүчөлөрү
_________________________________________________________
Сүйлөмдүн баяндоочу
• Сүйлөмдүн баяндоочу
__________________________________________________________
#кыргызтили #сызыкча #ЖРТ

Опубликовано:

 

5 окт 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 21   
@ЭлмираИбраимова-в7р
@ЭлмираИбраимова-в7р 8 месяцев назад
Жөнөкөй, жеткиликтүү түшүндүрөсүз👍👍👍
@youtubemektebi
@youtubemektebi 4 года назад
Мыкты сабак болуптур. Ийгилик каалайбыз.
@ГулканЖумабеккызы
Абдан сонун сабак болуптур.
@adiletorunbaev4255
@adiletorunbaev4255 4 года назад
Капар, чооң рахмат сизге!
@kyrgyzstan5613
@kyrgyzstan5613 4 года назад
Азаматсын катыра бер
@muslim8699
@muslim8699 3 года назад
Көп чыгарыңыз. Эң сонун
@Ютубканал-р1о
@Ютубканал-р1о 4 года назад
Абдан сонун сабак, мыкты анимациялар болуптур . Ишинизге ийгилик!
@tmBS_Kg
@tmBS_Kg 2 года назад
Сонун👍🏻👍🏻👍🏻 билбегенимди билип алдым.🤔🤔👍🏻👍🏻👍🏻
@matveiputiovkin2980
@matveiputiovkin2980 3 года назад
Бир кызыктуу факт; башталгыч класста сен мугалимден: Эжеке баяндооч ким эмне деген суроого жооп береби?-деп сурасаң, эжей; Жок андай эмес! Ким айтты?!-деп бакырат. А кийин 8класс болгондо чын экенин биле баштайсың 🗿👍. Бирок видеоңуз соонун болуптур! Ишиңизге ийгилик!👍👏
@ainyratajybaeva6411
@ainyratajybaeva6411 3 года назад
Ото сонун тушундургон кыска бирок нуска! Мыкты! Соонун!!Ийгилик!!!🤗🙋‍♀️🙋‍♀️👍👍
@ФатимаБазарбаева-ъ6э
Сонун!😁
@ЗараМамажунусова
@ЗараМамажунусова 3 года назад
Сонун болуптур
@АйСа-и1ж
@АйСа-и1ж Год назад
Эң мыкты!
@Editor_SNuRdanom
@Editor_SNuRdanom 6 месяцев назад
Рахмат
@аааотабек
@аааотабек 4 года назад
Калана бала
@АйсуКР
@АйсуКР 2 года назад
Ден - соолук кызыкча менен жазылбы?
@KaparMomunaliev
@KaparMomunaliev 2 года назад
Дефис коюлбай жазылат. Анткени бул кошмок сөз.
@минураТаштемирова-ы5д
Ошондо" билимдүүгө дүйнө жарык" кандай болду
@КенжеАжиева-н1г
@КенжеАжиева-н1г 2 года назад
ЭЭ да баяндооч да баяндооч деп айтылып калыптыр
@Акнаазымикрамова
@Акнаазымикрамова 3 года назад
5туруно мисалчы?
@ФарангизХамидова-р6п
Сссссс
Далее
Тике жана кыйыр толуктооч
3:06