Өзгөндө мамлекеттик кызматкер пара алып кармалды.
🔷Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Н.У. арыз менен кайрылган. Анда, райондун финансы кредиттик фонддунун өкүлү "А." аттуу кызматкер, арыздануучунун атасынын алган насыясы тууралуу документтерди сот органдарына өткөрүп берем деп коркутуп, 30 000 сом өлчөмүндөгү пара талап кылып жаткандыгын билдирген.
🔷Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 343-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
🔷ИИМдин КИББдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чараларынын жүрүшүндө "А." аттуу мамлекеттик кызматкердин өздүгү такталып, ал Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы финансы кредиттик фонддун Өзгөн районундагы жетектөөчү адиси болуп иштеген, 1959-жылы туулган А.А. экендиги аныкталган.
2 июл 2024