Жан- дүйнөм менин аччу сен өзүң, Дартыма даба тапчы дебедиң. Өзгөрмө күлүп өмүр сүрөм да, Өкүнүп туруп жакшы көрөмүн. Көрүнгөн элең чырактай жанган, Чаңкасаң жаным булакка айланам. Тагдырдан канча жабыр тартса да, Сүйгөнүн бирок ыйлатпайт адам. Мен сени көргөн улуу түн кайда, Аны ойлоп жанат үмүтүм кайра, Эсимден танып сүйгөн чагымды, Унут дейсиңби, унутуу кайда. Жылуу сезимге болонбой жалаң, Билсең ыр менен көңүл жайгарам. Жылдыз көрүнсө айдын жанынан, Ысымың сенин көрөм кайрадан. Түн дагы мени ойго батырды, Жүрөгүм койбой колдоп акылды. Кудайда чебер унутпасын деп , Асманга жазып койгон атыңды. Кайырма: Жакшы көрөм деп алдайсынбы, Жан дүйнон менен сүйо албайсыңбы. Менин жүрөгүм кечиримдүү го, Өз жүрөгүңдон уялбайсыңбы.