Женижок ото эле кыйын акын болгон экен э? Кантип ушундай создорду шуурудай тизиш мумкун ? Ар бир эки сабы озунчо макал, афоризм . Илгеркилердин философиялык ой жугуртуусу жогорку даражада болгон экен. Эмнеге биз андай эмесбиз? Эмнеге Биз азыркылар акча учун баарына даярбыз ? Китеп окугула достор баары жакшы экенин тушуносунор ошондо. Жок дегенде ушундай ырларды угуп тургула. Дуйного болгон коз караш озгорулот . Акча эч нерсени чечпесин тушунуп жошоо женил болот .
Анан ошол карыя периште болуп , Отону тундоп качырып жиберет . Ото эрте жашында эле ата-энесинен айрылып жетим калат да ошол атасынын туугандарынын колунда карал болуп иштерин кылып чон,ойот . Анын апасы Аксынын Кара-суу чолкомундогу Жузумжан айылынын кызы . Аксылык Саясий ишмер Азимбек Бекназаровдун эжелеринен болгон . Ошентип Ото , Аксыга качып келет туугандарынан. Ал качканда жонуна кыска этектуу, кош ийин туштан жен,и жок тончо кийип келет . Кемсел -деп айтылат элде .Куз айлары болгон болсо керек. Анын Жен,ижок аты , ошол жен,сиз тигилген тончодон калган. Аксы элинин ичине келген кезден жан,ы аты айтыла баштайт. Жен,и жок тон кийген бала -деп чакырышып журуп ал Жен,ижок атка ээ болот. Анан Аксыда той - ашка барып , комузчу , акындар менен аралашып журуп ушул акындык , токмочулук онорду жылоолоп эл аралап ырдап журуп калат. Ошондуктан элге ... Аксыдан чыккан Жен,ижок , Айтышаарга тен,и жок .-деп таанылып кетет тез эле. Анан ошол жердин касиеттуу суулары , жер он,уту шыпаа болуп , Жен,ижок кесели аладан таптаза айыгып кетет да Эл алдына чыгып ырдап атагы алыска тарайт. Кийин ал эр жеткенден кийин деле агайын -туугандары издеп , келген эмес экен. Же бир жерде оруусунан отушуп кетип олуп калды деп эсептеп калганбы белгисиз. Агайын - журтуна катуу таарынычта калган Ото омурунун акырына чейин алар менен катташкан эмес . Бой жеткен Жен,ижок , айтылуу сулуу Коксулууга ашык болуп калат. Ал кезде Коксулуу бир байбачанын аялы болгон болот. Жен,ижок озун кокурок дартка чалдыктырган Коксулууга арнаган ашыктык ырларын акыры угузат сулуусуна . Барган жеринде арман менен жашап жургон Коксулуу да Жен,ижокту жактырып калат да коп отпой эле эрин чанып Жен,ижоко турмушка чыгып кетет. Тийген эри байдын уулу Коксулууга жаккан эмес экен. Байлыктын кучу менен эле алып алган болот. Алардын Жен,ижокту келинин тартып кеткенин куугунтуктабаганы , Жен,ижоктун эл арасына тараган абройу , анан тайаке журтунун колдоосу себеп болгон болсо керек. Болбосо башка элден келген жарандын андай кылыгын бай чойродогулор жон калтырбаса керек эле. Ошондо Коксулуу ал уйдон кетип жатканда, кары кайын энеси , кетип жаткан келинине тетири бата берет экен томонкучо : ын,аа -деген , бала унуно зар болуп , устун,о уй кутпой , тапкан эрин, менен ээрчишип журуп от бу дуйнодон - дейт экен. Ошол каргыш себеп болгонбу, же кудай Жен,ижокту баласыз откозуп элдин эсинде кала турган акындыкты атайын насип эткенби эч ким билбейт .... айтоор ак тан,дай акын Жен,ижок айдай сулуу Коксулуу экоосу эл сыйында журуп , уй салбай барган жери аларды оз тууганындай кутуп , сыйдын устундо бирок уул корбой армандуу болуп откон экен бул эки улуу инсан. Ал турак жайга деле муктаж болбосо керек . Дагы эле ошол жердеги энесинин агайын-туугандарынын турак жайында оз бала болуп жашап турган жана ага жээн-деп жакшы бир боор мамиле жасашкан эжесинен калган белек корушуп. Анын артында ыйлап уулу калбаса да жамиийки Кыргыз эли , Аксы журтчулугу аны , кылымдын акынын дан,аза кылып ырдап да , армандуу кеткен алар учун кайгырып да келет . Азыр ошол Жен,ижоктун жашап откон айылында комуз кармап олтурган , Кыргыз - Казака таанымал болгон , адамдын торгойу Жен,ижоктун эстелиги турат ушул кунго чейин. Анын жанында Коксулуу эненин атына аталып салынган Жен,ижоктун уй-музейи бар .( уландысы бар).
Жен,ижок акындын таланты таш жарып, ары жагы Андижан , Наманган . Бери жагы Жамбыл, Алма-Аты , Чымкентке чейин , таанылган импривизатор ырчы акын болгон экен. Жен,ижок чакырылган той - ашта 6-7 кун токтобой ырдаган адамдан чыккан комокойу жок , адамдын торгойу болгон экен Айтышып акын аттуу жен,е албаган токмочу болгон . Ал коп да комуз чертпеген экен . Жалан, гана комуздун коштоосунда куйулуштуруп ырдаган создун жоргосу болгон дешет. Аксынын Кара-Суусунан Намегендин (Озбекстан Республикасынын Наманган шаары ) базарына жеткичекти тынбай ырдап барчу дешет комуз менен ат устундо. Ал кезде Аксы аймагынан Намегенге базарга барышчу экен элдер. Негизги транспорт кыл куйруктуу ат болгон да . Бир кундордун бир учурунда аны менен жолго аттанган бир сапарлашы сынамака Жен,ижок бир жолду кыскарта баралы бир ырдап бербейсин,би -деп суранат экен. Жен,ижок , -эмнени кошуп ырдайын -дейт. Тиги айланасын караап туруп байкаса бир торгой карагандын ичинен пыр-рр деп уча качат экен. Ошондо тиги , мына бул торгойду кошуп ырдап бер - деп калат. Жен,ижок ошол заматта комузун колуна алып , торгойдун жумуртка болуп жарала баштаганынан баштап кошуп отуруп , анын балапан болуп жарыка чыкканына жеткенде Намегендин базарына жетип барып калышат экен тан, атып . Жанагы шериги акындын касиетине там берип , инип барган атынан тушуп тартуу кылат экен. Бирок ага ыраазы болгон ак тан,дай акын озуно тартуусун кайтарып берген дешет албай. Ана ошол кездеги адамдардын касиетинин улуулугу . Азыр эки саат тынбай ырдап берсе бир букет гул ыраа коруп берип койбойт адамдар . Мына ушундай кыргыз элим улуу инсандын улуу омур баяны.
Кандай көк мээлер дизлайк басат деги?? Же эмне Өмүкеге, же Жеңижокко кегиң бар беле?? Колуңдан б..к келбеген кимселер, бирөөнүн талантын баалабаган, өзүңдүн ким экениңди өзүң билбейсиңго..
Атына затын жарашкан кыргыз элинин чыныгы уулу Ден соолугун чын балачакан менен бактылуу бол Сенин аткарган ырларын мага куч кубат Берип Ата бабаларымдын колдоосуна ээ болуп алар менен баарлашкандай болом ырахмат иним оштон бакиров аким
Ушундай таланттардын бар экенине кудайыма тобо уккан сайын уккун келет баалап баркташ керек мындай талантты колдош керек Эл артисти наамын бериш керек .эки ыр ырдап койгондорго деле баркы жок берилип атат
Бар болгула биздин комузчу ырчылар, төкмө акындар! Силер бар Кыргыз маданияты, Кыргыз жүзү сакталып турат! Жеңи жок кандай гана акылман акын болгон экен. Аккан сууну токтобой 3 күн айткан дешет. Кыргыз улуу эл!
Ооба биз кыргыздар өзүбүздүн бийиктигибизди анча деле билбейбиз. Бирок кудайдын алдында, эч кандай бийик эмеспиз. Менин айтайын дегеним башка; кыргыздар дан бөлөк, эч бир улут суу жөнүндө ырдабаса керек, бул деңгээлде.
Биз кыргыздар озубуздун ушундай сыймыктарыбызды угуп , жаттап, даназалагандын ордуна башка пайдасыз видеолорду коруп класс басып журо берет экенбиз да . Журок Кыргыз деп соксо бул мурастарды сактап калуу ар бирибиздин мойнундагы милдет!
Эмне деген улкон даанышман уникальный аталарыбыз болгон эх ар Бир созун уксан жон создор эмесда кыргыз болгонумда сыймыктамда ,скриптонит Тупак реп рок Майкл Джексон баарин укканмын бирок мына аталарыбыз эмне деген улуу создорду насааттарды ырдаган жыл откон сайын терен терен терен тушунот экенсин 2024январ угуп атам