Тёмный

Өмүрзак Кайыпов - Дана кыз 2022 

Azamat Live
Подписаться 11 тыс.
Просмотров 17 тыс.
50% 1

Сөзү, обону Жолболду Алыбаев
Аткаруучу: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Өмүрзак Кайыпов
"Дана кыз"
Текст
Ойдо жоктон жолугуп, оору кылдың Дана кыз,
Оорунун да онтотпос зору кылдың Дана кыз.
Көздөрүңдүн учкунун жылт эттирдиң Дана кыз, Көөдөндөгү жүрөктү зырп эттирдиң Дана кыз.
Бир көргөндө өзүңдү сүйдүрдүң го Дана кыз,
Билиги жок, майы жок күйгүздүң го Дана кыз.
Чогуу жүргөн кыздардан бөлүндүң го Дана кыз,
Чолпон болуп көзүмө көрүндүң го Дана кыз
Ой Дана кыз, Дана кыз,
Эй Дана кыз, Дана кыз.
Алаксытып оюмду арбадың го Дана кыз,
Алыстатып боюңду кармадың го Дана кыз.
Ичим жанып турганын сезбедиң го Дана кыз,
Имерилип жаныма келбедиң го Дана кыз.
Алоолонтуп жанымды ойнодуң го Дана кыз,
Ак жүзүңдөн сүйгүзүп койбодуң го Дана кыз
Сага жакын бара албай ыза болдум Дана кыз,
Сагынычым таралбай куса болдум Дана кыз.
Ой Дана кыз, Дана кыз
Эй Дана кыз, Дана кыз.
Улуу тоодо таңшыган улар болдуң Дана кыз,
Угуп үнүң жете албай кумар болдум Дана кыз.
Кол жетпеген мен үчүн дабаң болдуң Дана кыз,
Козгоп жүрөк сырларын аваң болдуң Дана кыз.
Асман тиреп шаңкайган бийик болдуң Дана кыз,
Ага жетпей аңкайган кийик болдум Дана кыз.
Түйүп ичке сырыңды чечпей койдуң Дана кыз,
Түнү-күнү эсимден кетпей койдуң Дана кыз.
Ой Дана кыз, Дана кыз.
Эй Дана кыз, Дана кыз.

Опубликовано:

 

12 сен 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 21   
@azamatmenbiev
@azamatmenbiev Год назад
Баарыныздарга рахмат. Ой бөлүшүп коюңуздар жана катталууну унутпайбыз.
@user-dg7ve6nx6s
@user-dg7ve6nx6s Год назад
Ой болушуп койдук ☺
@bghjkrghjvv5055
@bghjkrghjvv5055 Год назад
Сонун болуптур. Буйруса хит-2023 ишенемин. Молодец Омурзак Кайыпов Чыгармачылык Ийгилик калайм ылайым тобон кокко жеттсин
@user-dw6qt7vr9s
@user-dw6qt7vr9s 8 месяцев назад
Азыркылардын арасында эң мыкты аткаруучусу, ар канча сыйлык менен наамдарды берсе да аз. Азаматсың Өмүрзак !!! 👏🇰🇬🤲
@user-yh8ie4mp9i
@user-yh8ie4mp9i Год назад
Аябай сонун аткаруу болуптур баракелде!!! Өмүрзак ырдаган ырлары баары жогорку деңгээлде үнү да укулуктуу уккан сайын уккуң келет.Жандуу үн менен ырдайт дайыма. Таңшый бер кыргыздын булбулу!!!
@user-dg7ve6nx6s
@user-dg7ve6nx6s Год назад
Мыкты ырчы дастанчы Омурзак Кайипов сонун
@user-cz9qw3tu5e
@user-cz9qw3tu5e 9 месяцев назад
Аккан арыктан суу агат демекчи.Токтогулдун урпактары чыгармачылыкта эн мыкты экенин Омурзак Сенин дана кызды аткарганынды угуп ынандым уулум сага чыгармачылык ийгилик Жана уй булоон менен Аман бол.Онорун оркундой берсин.
@user-dl9np4gr8m
@user-dl9np4gr8m 10 месяцев назад
Омурзактын ырдаганы бардык ырларды жакшы ырдайт жолболду алыбаевдин копясы керемет
@user-gi3wx8xr8b
@user-gi3wx8xr8b 9 месяцев назад
Керемет ун
@kesiptik_114
@kesiptik_114 Год назад
Мыкты аткаруу Сонун.
@user-pj9ez1ol5l
@user-pj9ez1ol5l Год назад
Өмүрзак бар бол жакшы ырдайсың буюрса 2023 хит ыры болот
@ghvhvnjvbm-3870
@ghvhvnjvbm-3870 Год назад
Жакшы ыр экен 👍👍
@user-ge1pq7sj2m
@user-ge1pq7sj2m Год назад
Абдан мыкты аткаруу🙏
@user-gl3rz2wg4q
@user-gl3rz2wg4q Год назад
Ырын жазып бересизби байке сураныч
@kutmankasy6076
@kutmankasy6076 Год назад
😆😆🤣🤣 Топ
@user-cv2eg8rc9h
@user-cv2eg8rc9h Год назад
👍👍👍👍👍
@bermetkamchybekova7822
@bermetkamchybekova7822 8 месяцев назад
Уккандан тажабаймго чиркин
@nursultanismaev-ul2zm
@nursultanismaev-ul2zm Год назад
Телеграмма
@salamatmykasheva6593
@salamatmykasheva6593 Год назад
❤❤❤❤❤❤
@BakytKaiypov
@BakytKaiypov 11 месяцев назад
Дана кыз барсынбы??😅
@user-xe7gd9ql9z
@user-xe7gd9ql9z 9 месяцев назад
Омурзак эмнеге жеке концертинди бербейсин.
Далее
Как подписать? 😂 #shorts
00:10
Просмотров 706 тыс.
Почему не Попал?!
00:15
Просмотров 41 тыс.
LPS Youth Icon 2024 | Lalkrosthanga
2:48
Просмотров 56 тыс.
Аруым сен неге мұңайдың
3:40
Просмотров 14 млн
cover Өрук комуз Роза Аманова
9:00