Тёмный

Өрүкзардагы баян / Долина предков (1989) реж. Кадыржан Кыдыралиев 

Киностудия КЫРГЫЗФИЛЬМ
Подписаться 53 тыс.
Просмотров 79 тыс.
0% 0

Өрүкзардагы баян (Долина предков) 1989
сценарийин жазган: Мурза Гапаров
койгон режиссеру: Кадыржан Кыдыралиев
койгон оператору: Хасан Кыдыралиев
сүрөтчүсү: Алексей Макаров
үн оператору: Алиакпер Гасан-Заде
композитор: В. Кисин
экинчи режиссер: Темир Дүйшекеев
экинчи оператор: Т. Токталиев
редактор: Рудольф Чмонин
кийим боюнча сүрөтчү: Т. Касымов
монтаж: Т. Липартий, Марина Устемирова
сүрөтчү-гримёр: Т. Акманова
режиссер жана оператордун ассистенттери: А. Шергалиева, А. Маликов
жарык берүүчү: Дамир Акманов
административдик топ: З. Борубаев, Н. Некрасова
тасманын директору: Саин Габдуллин
аткаруучулар:
Сайкал - Даркүл Күйүкова
Сакы - Расул Укачин
Чоро - Мухтар Бахтыгиреев
Жунус - Бакирдин Алиев
Зуура - Жамал Сейдакматова
Райхан - Дана Кайырбекова
Эчки багар - Орозбек Кутманалиев
Сайра - Акжолтой Кочкорбаева
Алтынай - Алтынай Рысмендеева

Кино

Опубликовано:

 

11 ноя 2019

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии : 208   
@user-dl1dg3ys1o
@user-dl1dg3ys1o 4 месяца назад
2024-жылы коруп жаткандар биз биргебиз
@user-hy3ll5fp9t
@user-hy3ll5fp9t 27 дней назад
17.06.24 ж азыр кордум толук аябай сонун жонокой калкбыз
@user-bk2zd6do4v
@user-bk2zd6do4v Год назад
Эх москвада жургон кезде, бул кинону коруп, опком опкомо тийбей ыйладым эле, мекенди сагынганда Кыргызстанга болгон кусалыкты таркаткан кино, айылга барып келгендей болгом, пейилинден кагылайын Кыргызым асылдыгын аруулугун м.н омур боюу сакталып калсан экен., буйруса келечегибиз кенен билимдуу-илимдуу олко болобуз.🤲
@medyamedya1178
@medyamedya1178 Год назад
Мен да азыр Москвадан коиуп жатам 2023
@taipan777
@taipan777 Год назад
Мен да азыр Москвадан коруп жатам. 10.07.2023
@user-mu7dj3tx5d
@user-mu7dj3tx5d 4 месяца назад
Мендагын көрүп отурам эх зардалым
@user-gt1si1wu9z
@user-gt1si1wu9z Месяц назад
Озун просто ыйлааксын да
@ncndjcnd3076
@ncndjcnd3076 2 года назад
Бул кинону күндө көрөмүн. Силерге жалган, мага чын. Кадимкидей кубат алам. Бизге ушундай жөнөкөйлүк, тазалык, боорукерлик жетишпейт. Адамдар адам болууну ушул кинолордон үйрөнсө болмок. Таалим - тарбия, үрп - адат, сый - урмат дегендин баары ушул киного сыйдырылган. Керемет сөздөр, жүрөккө жакын, көңүлгө жагымдуу эне тилдин, кыргыз тилинин уккулуктуулугу. Сөздөрүн жаттап бүткөм. Бирок дале көргүм, нукура тилди уккум келип кайра көрөм.
@user-nl6tm5hp7g
@user-nl6tm5hp7g Год назад
Менда ушу кино мн коч кинону коп кором дем алганда тем болээ талаалап россияда
@kgz415
@kgz415 5 месяцев назад
Мен да кинону скачать этип алгам күндө көрөм 09.02.2024ж
@baxarismaylova2231
@baxarismaylova2231 3 месяца назад
👍 менда жакшы кором эски кинолорду
@user-kk2vy7ls9f
@user-kk2vy7ls9f 3 месяца назад
Мен да тез тез коруп турам балдарым аялым болсо тажабадынбы коро берип дешет.Мен аларга силер менин жашыма келгенде тушуносунор дейм.Жашым 43то.Ото сонун тартылган кино.Сиз кайсыл жерден болосуз?Сураганым себеби ушундай кинону суйуп башынан аягына чейин жатка билген адам менен чай устундо олтуруп ушул кино жонундо суйлошконду энсеп журом.Аны тушунгондор гана тушунот.Мен Оштон болом эгерде келип калсаныз соссуз байланышыныз кутом конок болосуз !🤝✋
@user-lf2gc4ui6s
@user-lf2gc4ui6s 3 года назад
Ата журтун сагынбаган адам болобу☝️☝️☝️
@uu-pb8nn
@uu-pb8nn 2 года назад
Баткенибизди душмандан Алаа-Таалам сактасын!
@arsenkydyrmaev1797
@arsenkydyrmaev1797 10 месяцев назад
Аллах десениз
@joldoshev957
@joldoshev957 Год назад
Ушундай ески кинолорду азыр кинотеатрларда кайрадан койсо жаштарыбыз коруп кичине болсо да таасир етмек беле деп койом Сонун кино Баткен Кыргыздын жери кудайга шугур
@kozubekrajapov6811
@kozubekrajapov6811 2 года назад
Режисорго,актерлорго чон таазим,кыргыздын жерине ,элине болгон сууйусун корсоткон ,чон энемди,айылдагы аксакал,энелерди эстедим ,кино ну бутпсо экен деп кутом.
@user-nt2dy7ee6f
@user-nt2dy7ee6f Год назад
Азыркы жаштарга ушул кинону көбүрөөк көргөзүү керек. Кыргыз жыттанган керемет кино
@user-kk7pe8hf6h
@user-kk7pe8hf6h 3 года назад
Керемет кино,,,ээххх ошол кездеги адамдардын пейили, өңдөрү да нурдуу.Керемет соонун адамдар,,,,, Даркүл Күйүкова апа ,,,,эх Жаныңыз бейиштен болсун
@volf1069
@volf1069 2 года назад
Омийн бейиши болсун.
@Daniyar.Isanov
@Daniyar.Isanov 2 года назад
Ажайып бир кооз дүйнө... Керемет аалам... Чыныгы чыгарма мына ушундай болот! Сценарийин жазган жазуучу Мурза Гапаровго, кинооператор жана режиссёр Кадыржан Кыдыралиев агайга жана уулу Хасанга, Даркүл Күйүкова апабызга, Бакирдин Алиев атабызга, Мухтар Бахтыгиреевге, дегеле жалпы чыгармачыл топко таазим! Түбөлүктүү эмгек деп ушуну айтат...
@user-pd5ve2sy5f
@user-pd5ve2sy5f 3 года назад
Жакшы фильм. Даркул Куйукова эженин эн мыкты ролу.
@user-qk3pi6gr2u
@user-qk3pi6gr2u 3 года назад
Керемет Баткен жергем Кыргызстан
@user-fh7zq9do2t
@user-fh7zq9do2t 3 года назад
Даарыкул Куйукова апа тубаса актриса экен танкалам укумуш (шдевр) Мурза Гапаров эмне деген инсан эле фильм деги жалпы актер актрисларга таазим арыбагыла жаратмандар. Мен бул фильмди коргондо кудайга ыраазылыгымды билдирем Кыргыз улуттунун уулулугун сезем,жаштар ушундай фильмдерди корсо кана....
@user-wx8lj6pi3t
@user-wx8lj6pi3t 3 года назад
Эн соонун кино экен, биздин кичинекей мезгилибиз да так ушундай откон чон эне чон аталарыбыз менен чонойгонбуз😍😍😍👍👍👍
@user-ii8ul3mk4q
@user-ii8ul3mk4q 6 месяцев назад
Мен дагы чоң апамдын баласы болуп чоңойгонмун,кандай керемет чоң Ата чоң Апаң мен жашоо, жаткан жери жайлуу болсун ооминь. 🕋🇰🇬🌱🌎🌿🤲🤲🤲
@user-xg2sm7ku8r
@user-xg2sm7ku8r 3 года назад
2021 коргондор барбы соннун кино екен
@user-uq2sv8rc3e
@user-uq2sv8rc3e 4 года назад
Керемет тасма. Эч тойбодум ушул тасмага
@user-xf9cl1yb5y
@user-xf9cl1yb5y 3 года назад
Тарбиялык мааниси отоо жакшы.. мекенди суйууну уйротот
@user-nx2wt8on4t
@user-nx2wt8on4t 3 года назад
Зардалы жөнүндө кандай Керемет кино
@aigerimnurlanova9185
@aigerimnurlanova9185 2 года назад
Аткарган кинону тарткан адамдарга таазим 🌷🌷
@wolfwolf5283
@wolfwolf5283 2 года назад
эхх, илгери кандай кана соонун кино тартышкан
@user-ji2sr6kl6j
@user-ji2sr6kl6j 4 месяца назад
Зардалынын эли азыр да эмгекчил эл.Ошол жылуу суу азыр дагы коптогон ооруларга шыпаа болуп келе жатат.Аллах берген керемет суу.
@pochtapochta7762
@pochtapochta7762 3 года назад
Керемет биздин жерибиз Илгерки Чон Ата бабаларыз ыймандуу Адам керчилик наамыс кой болгон азы кайдан ошол мезгил аттин сагындым
@user-mj2ny1fl1d
@user-mj2ny1fl1d 3 года назад
Бул киного Оскар сыйлыгын бермекмин кайра кайра тажабай кором режиссерго таазим. Быйыл баткенге бардым сонун жер экен Элида жери да жакты Ушул кинону сурасам тетиги тоо тарапта зардалы деген жер бар ошол жерден тартылган деп айтышты
@volf1069
@volf1069 2 года назад
Ооба .ошону айтсаңыз.
@user-uq9ww1tl8e
@user-uq9ww1tl8e 5 месяцев назад
Бул кинодо берекенин жыты келип турат.Адамдардын кен пейилдиги,таза байоо мунозду чагылдырган мыкты кино деп айтсак болот❤❤
@user-qj4hb5yh8y
@user-qj4hb5yh8y 3 года назад
Кандай соонун кино экен кичинекей кезди эстеп кетим кандай ыймандуу Эл болгон илгерки Элдер
@user-fn7gg4nn8n
@user-fn7gg4nn8n 4 года назад
Дайым жаз келгенде ушул тасманы коробуз. Бала кезден ушул фильмди коробуз. Ал кезде апам тируу эле аттин.
@Alihan22868
@Alihan22868 2 года назад
Эски адамдар кандай гана дилдери таза эле эски кинолорду коруп ыйлагым келе берет чон тайнемдерди сагынып
@meerbekabiusup5368
@meerbekabiusup5368 3 года назад
Ээ ошол Кез жакшы экен Кен пееел ынтымактык мекенчил эх кыргыз жери табылгыз
@user-jj5bp9vh8y
@user-jj5bp9vh8y 2 года назад
Эн сонун тартылган. Коздорумо жаш алып ыйладым. Ал мэзгилдеги адамдардын пейли кенен, журоктору тазаа, болгон.
@user-si9qp1es5c
@user-si9qp1es5c 2 года назад
Ошону айтсаныз.
@user-kc4di2pw7g
@user-kc4di2pw7g 3 года назад
Боёк, Нават, халва Ошондогу халвалар, ушунчалык соонун эле, советтик кагаз кулекторго салып беришчи дүкөндордо
@user-lq9st6fx6v
@user-lq9st6fx6v Год назад
Кинону келтириптир ичинде жүргөндөй болдум
@user-jk7ky8es6f
@user-jk7ky8es6f 2 года назад
Эх керемет кино.Актёр актрисалардын аткаргандарычы тим эле кадимки жашоодо жашап жаткандай.Кайран гана Орозбек Кутманалиев тим эле кепете кешпири кадимки чабандын озу эле болуп калган.Легендага айланган Дарыкул Куйукова,Бакирдин Алиев,Акжолтой Кочкорбаева,Жамал Сейдакматова.
@user-ee6rb1is6k
@user-ee6rb1is6k 3 месяца назад
Мыкты фильм.Актёрлого, тарткан режиссёрго ушу кинону жараткан идеясына чоон таазим !!!
@user-hj2pt8kn4g
@user-hj2pt8kn4g 3 года назад
Жамал сейдакматова сулуу жан болгон экен🌹
@user-ut1vl5fc4q
@user-ut1vl5fc4q Год назад
Биринчи жолу корушум сонун кино экен👍
@user-jz4vw2pu4x
@user-jz4vw2pu4x Год назад
Жыл сайын жаз келгенде ушул кинону коруп эс алам. Чиркин балалыкты эстеткен сонун тасма го. Аттин ушундай кинолор тартылбай калганы окундурот. Кап!?...
@Iris-cb4dq
@Iris-cb4dq 2 года назад
Фильм ушунчалык сонун тартылыптыр👍 слов нет, одни эмоции
@ZKAS-db7fd
@ZKAS-db7fd 4 года назад
Эң сонун кино көрүп эс аласың
@user-hy3ll5fp9t
@user-hy3ll5fp9t 27 дней назад
Тиричилик деп ар чон чон шаарларга тарапга кетти кыргызям аябай сонун ата энемдин бар кезин элестетдим 😢
@azizazazaaa1169
@azizazazaaa1169 4 года назад
керемет аябай сонун
@kenjebekimanaliev7216
@kenjebekimanaliev7216 2 года назад
Алтындарым кыргызым .
@orunbekkonurbaev9118
@orunbekkonurbaev9118 2 года назад
Кыз ото сулуу экен табыгый
@user-gq9ox1wp1m
@user-gq9ox1wp1m 3 года назад
Кандай сонун адамдар
@user-ld7tt9gi3o
@user-ld7tt9gi3o 3 года назад
Дарыкул Куйукованы корсом чон энемди коргондой болом.баары асыл адамдар
@Bauntiiiiiiii013
@Bauntiiiiiiii013 Год назад
Керемет 😊тартылган Эх элимден жеримден айланайын🇰🇬❤️ Кареке жаш толду , 😢 Ойлоруду алыс жактарга алып кетти 🦢
@user-kk2vy7ls9f
@user-kk2vy7ls9f Месяц назад
Ушул кинону жараткандарга таазим эсиме тушкондо эле сразу кором,сонун канча корсом деле коргун келет.
@Iris-cb4dq
@Iris-cb4dq 2 года назад
Кандай керемет адамдар, керемет кез. Азыр жомоктой сезилет, адамдардын пейили такыр башка
@user-gq9ox1wp1m
@user-gq9ox1wp1m 3 года назад
Соонун киноо
@user-wx8lj6pi3t
@user-wx8lj6pi3t 3 года назад
Ии биз дагы ушинтип боёп жипти килем сокчубуз озубуз
@user-jc9ty7pd5z
@user-jc9ty7pd5z 9 месяцев назад
Эх канча корсом да, кайра кайра коргон сайын коргум келе берет. Саку дай акылдуу жонокой, мээнеткеч жигит, болсо бармакмын 😊. Зардаалыга . Кандай сонун жер.
@user-ix2yq5hs8y
@user-ix2yq5hs8y 2 года назад
Бул кино жашоо биздин Кыргызстан айланып кетейиним Кыргыздарым биз мөңгү тоолорубуздан жашообуздан айлансак болот айланайын Кыргызым менин Тюмень Өзгөн!
@ayperisadikova2509
@ayperisadikova2509 2 года назад
Сонун кино экен энеми эстеп кордум
@user-rahat77
@user-rahat77 Год назад
Жур эрчишип кетейли орук зарга дегендей сонун орук бактар бар жерлер экен .
@user-lz6ht6dc4c
@user-lz6ht6dc4c 3 года назад
Сонун кино ушкндай заман эле жакшыле озу
@user-th8hw2ep8x
@user-th8hw2ep8x Год назад
Кандай соонун эски кинолор эле
@user-vm3xc8cu4o
@user-vm3xc8cu4o 4 года назад
@user-vm3xc8cu4o
@user-vm3xc8cu4o 4 года назад
@theworldofnature6896
@theworldofnature6896 2 года назад
эн соонун кино аябай соонун тартылган
@aigulbolot
@aigulbolot 4 месяца назад
Дана кыз таза сулуу экен
@tyronwood8205
@tyronwood8205 2 года назад
Өтө сонун кино мындай кинолор тартылбайт эми
@user-pu6jy3zu7e
@user-pu6jy3zu7e 2 года назад
Үмүт үзбө Тууган ,Дагы тартылат
@Seidimuhambetovi4
@Seidimuhambetovi4 3 месяца назад
Эх кандай керемет ошол убакыт
@user-hs9es6mz5j
@user-hs9es6mz5j 2 года назад
Өтө кереметтүү таасирдүү мыкты кинолордун бири, көргөндөн моокум канбайт чиркин. Жаш чакта КТРдан Нооруз майрамында сыналгыдан көрсөтөөр эле эх убакыт учкан куш
@user-ni8dm8vi4w
@user-ni8dm8vi4w 2 года назад
Бул кинони коруб чонг атам чонг энем эсиме тушду, жонекей кишилер болгон Аллах рахматыга алсын, кандай сонун фильм...
@leelain2169
@leelain2169 2 года назад
Эң мыкты тасма!
@batken_KG
@batken_KG 3 года назад
Эх менин туулган жерим зардалы
@user-ul2gl8ie7k
@user-ul2gl8ie7k 2 года назад
22.02.2022 коргондор барбы : )
@user-vb7rs3vp5b
@user-vb7rs3vp5b Год назад
Мен бул кинону 2023 жыл 1 январ куну 7 жолу корушум Буга чейин балакезимдэ кор, чуумун
@Skrudg.
@Skrudg. Год назад
👍👍👍 эн сонун тартылган
@user-du6pq8xb3w
@user-du6pq8xb3w 2 года назад
Эчки баккан кызга уйлонмокмун жылдыздуу жакшы кыз экен!) Жашым 31де аябай уйлонгум келип кетти
@amangeldiosmonaliev9531
@amangeldiosmonaliev9531 Год назад
31де болсон эчкиге деле уйронуп алда
@user-rf2jq9cf8m
@user-rf2jq9cf8m Год назад
2023коруп атабыз
@kgz415
@kgz415 10 месяцев назад
22.08.2023. 00:35
@user-wt3vu3pl3z
@user-wt3vu3pl3z Год назад
Кыргыздын салтын эски кинолордон корсо болот,кыргыздар кандай жашаган.
@user-rz5pg8ex7s
@user-rz5pg8ex7s 2 месяца назад
Фильм жонундо фильм тартуу керек!
@user-sj5qj1im2m
@user-sj5qj1im2m 2 года назад
Кандайгана керемет кино
@user-ku9mo2hp6y
@user-ku9mo2hp6y Год назад
Соонун кино бар экендигин билбептирмин. Райхандын сулуулугуна тойгудай эмес
@user-dp1vg6rb9i
@user-dp1vg6rb9i Год назад
Ушул актриса азыр 60ка келип калгандыр
@bekzodqirghizymuslim5785
@bekzodqirghizymuslim5785 2 года назад
Илгерки мусулмандар жашаган восточный дизайндагы уйлор жагат, азыр дагы ошендой уй куруп жашаса
@kyrgyzjigit518
@kyrgyzjigit518 Год назад
Баткенде таза эле кыргызча суйлошкон экен эмнеге азыр создору болокчо болуп калган.
@orunbaiorozokulov7451
@orunbaiorozokulov7451 Год назад
Биринчиден актёрлор баары таза адабий тилде сүйлөп аткарышкан. Экинчиден Зардалыда тее Кашкардан жер которуп көчүп келген айтылуу Сакы бабабыздын урпактары жашашат, таптаза кыргызча эле сүйлөшөт. Кийин Баткендеги башка кыпчак уруулары менен аралашып, ошолордун тилине жуурулушуп кеткен.
@tashajumabekova5129
@tashajumabekova5129 Год назад
Мурунку абышка - кемпирлерде башкача нарк, касиет бар болчу. Азыр улуу адамдарды карап олтуруп тан калам, 60-70 ке келип калганын билбей тешик джынсы, кирпик, инстграммда олтурушат. Кайра ойлойм , замандын талабы го деп . Огуну бир , маршруткада кетип бара жатсам , аксакал эле киши , 70 терден отуп калса керек. Инстаграммда жарым жыланач кыздарды карап , кулуп- жыргап олтурат. Бул куракка келгенде кудайды кобуроок ойлой турган кез го дейм.
@jjjdjbhbhhdjdj9635
@jjjdjbhbhhdjdj9635 3 года назад
Укмуш соонун кино экен тасирдуу эчки баккан кыз мне болду
@user-mj2ny1fl1d
@user-mj2ny1fl1d 2 года назад
Ошол эчки Бакан кыздын коз карашына боорум оруду Сакы кетип жатканда.
@user-sy9gd4wq2v
@user-sy9gd4wq2v 2 года назад
Менин Айылымго Зардалым сагындым го сени
@user-rd1bz4cd5s
@user-rd1bz4cd5s 3 года назад
ЗАРДАЛЫ АТА КОНУШУБУЗ
@nursultanabdimitalipuulu6025
@nursultanabdimitalipuulu6025 4 года назад
Результаты поиска Все результаты Лестница в доме с лифтом (1984) деген кинону да жүктөп коюңуздарчы, сураныч!
@user-op9ms3zj5d
@user-op9ms3zj5d 2 года назад
2022.03.25 кордум Ээн кызык Маанилуу экен
@user-cy5tb4ty9y
@user-cy5tb4ty9y 2 года назад
Кандай сонун кино.бала кезди эске салат.
@na2ru2to2
@na2ru2to2 2 года назад
Бирок аяалы татынакай экен ээ я
@user-nd1es6ol2g
@user-nd1es6ol2g 7 месяцев назад
Кун Узун убакыт отпойт элдин пейли кенен жашо керемет эле
@user-te6hf6mb4d
@user-te6hf6mb4d 4 месяца назад
Ушул жакка бир барып көрсөм экен
@user-wn6pd1lp5t
@user-wn6pd1lp5t 2 года назад
Бул кинонун Маанисине Кее бирки Киргиздер тушунбосо керее
@ramazanbs4338
@ramazanbs4338 5 месяцев назад
Ушул кинолорду башка тилдерге которуш керек.
@user-yv4hc9xe1f
@user-yv4hc9xe1f 3 года назад
Нукура кыргыз,кыргызымдан айланса болот...кыргыз эмес Кыргызстандан кетип деген орус менен немистерин дагы кайра кайтып келип жатышатго...
@suimonkulmamyrov5828
@suimonkulmamyrov5828 2 года назад
Охоо Зардалы Дара айыл окмотуно караштуубу бул жак.
@kgz415
@kgz415 3 месяца назад
21-Мартта көрүп атам
@user-oe2vy8nu5s
@user-oe2vy8nu5s 2 года назад
Нойгут аты аталган кино бар екенда билбептирмин Нойгуттар орону Согмент Газ Чарбак Кыштут Таян Дара Кан айылдары
@davletawa
@davletawa Год назад
Кара-Бак деген айылдада толтура
@aigulbolot
@aigulbolot 3 месяца назад
Кайран советтик актерлор эмне деген аткарыш.
@user-rd1bz4cd5s
@user-rd1bz4cd5s 3 года назад
НОЙГУТ УРУСУНУН ОЧОГУ
@user-oe2vy8nu5s
@user-oe2vy8nu5s 2 года назад
Нойгуттан болосузбу
@user-yz5rj8wr4n
@user-yz5rj8wr4n Год назад
Баткеним мн журогумдо
@nurjanrahmanova1570
@nurjanrahmanova1570 4 месяца назад
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@baktygulkurmanalieva3270
@baktygulkurmanalieva3270 4 месяца назад
👍👍👍
@user-ej5jy5hv1r
@user-ej5jy5hv1r 5 месяцев назад
Керемет кино мындай кинолор эми жаралбайт
@FURYuwwu
@FURYuwwu 4 месяца назад
❤❤❤❤❤
@user-fh5tk2sc8k
@user-fh5tk2sc8k Год назад
Туулган жердин топурагы алтын.
@user-gt1si1wu9z
@user-gt1si1wu9z 26 дней назад
Э булар кыргызча ле суйлойт экен го, азыр эле эмне озбекче,тажикче аралаштырып калышкан,сонун кино экен
Далее
Minecraft Pizza Mods
00:18
Просмотров 791 тыс.