OYDO подкасттын бүгүнкү коногу: «BAIRA» мода үйүнүн негиздөөчүсү Толгонай Байра.
Байра айым ишкер катары да, эне катары да коомубуздагы күчтүү айымдардын катарын толуктап келет.
Себеби анын «BAIRA» аттуу кийимдер бренди Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да көзгө илинип, кыргыз бренди катары таанылууда. Ошол эле учурда Байра айым 4 кызын татыктуу тарбиялап, аларга үлгүлүү эне болууга да жетишип келет.
Бул подкастта Байра айымдын басып өткөн жолу, жеке турмушу, ишмердүүлүгү жөнүндө кеп куруп, “кыздарды кантип коргойбуз?”, “дени сак өзүн-өзү сыйлоо”, “жашоонун даамын сезип жашоо”, “турмуш куруп, бирок өзүн жоготуп коюу”, “4 кыздын энеси болуу”, “бирөөнүн эмгегин урдоо”, “кыргыз маданиятын мода аркылуу дүйнөгө таанытуу”, “балдарга индивидуалдык көңүл буруу” - деген темаларга токтолдук. Айтоор, күчтүү айымдан күчтүү сөздөрдү уга алдык, андыктан бул подкаст сиздерге сөзсүз жагат жана таасир этет деген ойдобуз!
Подкасттын алып баруучулары:
Алып баруучу, ырчы, актриса - Айзада Жамгырчиева.
Алып баруучу, тамада, шоумен - Урмат Борченов.
21 сен 2024