Сузакта кургак учуктун ачык түрү менен ооруп жаткан тургун айылдаштарына кооптуулук жаратууда. Анткени ал ооруканада дарылануудан бир нече ирет качып, учурда өз үйүндө. Ал аралыкта эки кызына тең аталган илдетти жуктурган. Азыр да бир бөлмөлүү үйүндө калган 3 баласы менен жашап жатат. Бул балдар үчүн абдан кооптуу, ал эле эмес ага жакын жайгашкан тегерегиндеги коңшулары да тынчсызданууда. Аймактагы тийиштүү кызматтар бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бирок андан майнап чыкпай жатканын белгилешет.
1 окт 2024