Абийир кечирбейт спектаклдин азыркы коюлушунда Азиздин ордуна ойногон актёр жакшы аткарды.Дагы элди кубантканы кичинекей Марат Козукеев сахнага апа деп чуркап чыкканы элди ыйлатты.Буйурса театрдын көркүн ачкан жаштарыбыз,таланттарыбыз келишет.Театрдын репертуары эң сонун.Сураныч,ремонттон кийин ушул таза абалды сактайлы!Сыртын гүл отургузуп,жашылдандырып койсонуздар!Сырттан келген конокторубуз суктанып кетишсин.Эшигин көрүп төрүнө өт дейт кыргызда.Ташкенттеги өзбек туугандардын театрын көрүп суктанып келдим.Келиңиздер биздин эмнебиз кем,бар болгон байлыгыбызды сактайлы,даңктайлы.❤
Спектакль эн жогорку деңгээлде коюлуптур.Мен театрдагы баардык актёрлорду сыйлайм.Таланттуунун таланттары эл үчун кызматын өтөп келишүүдө,алкыш.Ыраматылык Азиз Мурадилаев эң жогорку денгээлде башкы каарманды ойногон.Көзү тирүу болсо элине кызмат кылмак.Март айында 2023ж экинчи жолу спектаклди көрдүм,Азизди жоктоп ыйлап чыктым.Суроту маркумдардын арасына кошулуп калнанына ичим туз куйгандай ачышты.Жанында Марат Козукеевдин портрети жарк деп илинип турат.Дагы сонун чыгармалардын үстүндө иштешмек.Арман.Бейиштери жаннаттан болсун😢Залдан Мараттын апасы Кандалат Муратова актриса эдебиздин портретин көрө алган жокмун.Эженин эмгеги абдан чоң театр үчүн.Суранып кетем азыркы жетекчи Асылбек Өзүбеков агайдан,эженин портретин илдирип койсоңуз!!!Азыркы учурда эже ардактуу эс алууда.Ийгилик биздин актёр,актрисаларыбызга.❤