Бүгүн 08.11.21 К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылында жакшы саамалык болуп өттү.
Айылдын кире бериш дарбазасына,Улуу Жибек жолунун боюна архитектурасы кооз 2 Жолборс жана найзалар орнотулду.
Ушул иш чараны колдоп,башынан аягына чейин материалдык колдоо кылган Марлес жана Улан агаларыбызга, алардын досторуна, элдин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.
Ошондой эле 2020-жылкы пандемия убагында айыл өкмөтүбүздүн ооруканасына жардам берген, Россия жана Бишкек,Ош шаарларында жашаган ушул 8 айылдан чыккан уул-кыздарыбызга да терең ыраазычылык билдирип ыраазычылык каттар берилди.
"Өрдөктүн өзү чөлдө болсо да,көзү көлдө" дегендей ар дайым жүрөктөрү айылым деп соккон ар бир чыгаандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.
Айыл өкмөтүбүздүн инфраструктурасын жакшыртуу ар бирибиздин милдет болуп эсептелет.Келечекте айыл өкмөтүбүздө туризмди жайылтып көп жумуштарды аткарабыз деп пландаштырылууда.
3 окт 2024