Азаматсыздар, Диларкан Абаскановна, ушундай сонун, мыкты мугалимсиз! Я очень горжусь вами❤ Өткөндө менин классымдын ата-энелердин жыйналышында да эң мыкты Ата-энелер мектеби жөнүндө айтып бердиңиздер, менин ата-энелерим ушундай сиздерге ыраазы болушту
Инсан таануу боюнча иш сапарыбыз байсалдуу болуп. Ушул жолугушуудан мен абдан жакшы адамдар менен тааныштым. Ушундай сонун иш спарды уюштуруп берген Диларкан Абаскановнага терең ыраазычылык билдирем!!!
Саламатсыздарбы урматтуулар кутман күн !!! Кечөөнкү иш сапардан, баргандар, ар бирибиз эсте калаарлык сезимдер,ой- толгоолор менен кайттык. Ар бирибиздин рух казаныбыз, Насрет агай менен жолугушуу, миң уккандан бир көргөн болуп, музейлерге барып өз көзүбүз менен көрүү , бул чоң жетишкендик деп ойлойм. Андан тышкары: Ушул, "Эл таануу, жер таануу" сапарын уюштурган Динара Молдалиевна, Диларкан Абаскановна Сиздерге терең ыраазычылык билдирем! Бар болуңуздар алтын адамдар😘😘😘! Диларкан Абаскановнанын, лидерлик мүнөзү, кыраакылыгы, ар бир сөзгө, ишке маани берип, чогуу жүргөн сапарыбызда, биз маани бербеген иштин майда- чүйдөсүнө чейин көңүл бөлгөн, "жашыбыздын ар түрдүүлүгүнө" карабай энелик мээримиңизди төгүп...., барган жерлерибизге, кур кол менен барып, чыгып кетпей , кичинекей болсо дагы, "Инсан таануу" группасынын атынан жазып калтырган эскермелериңиз, белектериңиз... Мени бир жагы таң калтырат, бир жагынан сыймыктанам... Сапарлаш болгон Анара Асаналиевна,Турсунай эже, Санам, Аида, Асель дагы башка кыздар, баарыңыздарга ден- соолук, баштаган ишибизден ийгиликтер жаралсын!!! Сиздерди терең урматтоо менен Тамара Турдубековна