P жана Q көптүктөрү кесилишкен учурда (P ∩ Q) эки көптүктө тең бар элементтердин көптүгү пайда болот.
𝑃 ∩ 𝑄 = { 𝑥 ┤| 𝑥" ∈ " 𝑃 жана 𝑥∈𝑄}
P жана Q көптүктөрүнүн биригүүсүндө (P ∪ Q) пайда болгон көптүк эки көптүктүн тең бардык элементтерин камтыйт.
𝑃" U " 𝑄 = { 𝑥 ┤| 𝑥" ∈ " 𝑃 же 𝑥∈𝑄}
P жана Q көптүктөрүнүн кесилишүүсүндө пайда болгон көптүк бир да элементке ээ болбосо, бош болсо, анда ал куру (бош) көптүк деп аталат жана ∅ белгиси менен белгиленет (P ∩ Q = ∅).
P көптүгүнүн толуктооч көптүгү (P`)- бул универсалдуу (негизги) көптүктөгү P нин элементи болбогон элементтердин көптүгү.
7 окт 2023