12-кылым. Европа. Ачарчылык жана кургакчылык карапайым элди аябай эле кыйнап салган эле. Бул аз келгенсип ызгаардуу кыш да элдин мүшкүлүн ого беш бетер күчөткөн эле. Ачарчылыктан, сууктан адамдар кырылып жатты.
Бул мезгилдери европада лидер - католик чиркөөсү эле. Бүткүл мамлекеттер папага кыңк этпестен баш ийишчү. Чиркөө саясий жана аскерий күч болуп, кол курап, крестүүлөрдүн жортуулдарын да уюштуруп турчу. Салыктын түрлөрү аябай көбөйүп, атүгүл абага да салык салып турушчу. Чиркөөнүн саясатына каршы келген бүткүл иш-аракеттерге тыюу салынып, аёсуз жазаланып турган. Илимий изилдөөлөргө, искусствого тыюу салынган. Буга мисал катары 15-кылымда мусулман окумуштууларынын эмгегине таянып жердин тоголок экендигин аныктап, “Жер тоголок”-деп айтып чыккандыгы үчүн тирүүлөй өрттөлгөн Джордано Брунону, илимий изилдөөлөрү үчүн өмүр бою камалган Николай Коперник менен Галилео Галилейди айта алабыз. Чиркөө Библияга эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн түзүп алган чиркөө системасына баш ийдирүүнү каалап жаткан. Библияны да өз кызыкчылыгы үчүн өзгөртүп турушчу.
7 апр 2022