Атиин убакыт откон кез 2007 жылы супер инфонун башкы бетинен Бишкекте биринчи жолу Бактыгулду коруп сулуу кыз экен деген элем азыр да сулуу бирок жалган Дуйнодо убакыт учкан куш экен жаш кезди артка кайтара албайт экенбиз.
😍😍😍😍 Ааай кочодо ойноп концерт койуп, Бактыгул эженин ушул ырын ырдайт элекко😍 Сагынып кеттим ошол кундорду, мен Бактыгул Бадыева, а мен Неля, мен Айпери Кубик кызы деп ырдарын ырдайт элек😁 Кайып булактаны Бактыгул Бадыеванын ыры жагатле😁😊
Жолугар кезде, жолдор узак беле, Адаштырган бурулуш бурмалайт беле. Кезигер кезде, керме тартып бизге, Кырс мүнөзүн салганбы, кымбатым эзбе. Кайырма: Сагынычты кошуп, сабаланып учту. Сага деген каттар сапарын бурду. Эстей берип эркелеген күндөрүмдү жашым тыя албайм, Жашым төккөн менмин, жалдыраган кебим Таба албадым сенде, таң атаарлык эбим, Таалайыма таянсам да, бир өзүңдү неге кыя албайм Бактым бар кезде, баса бердиң неге. Бактым чыдап тура албайт, байлангым келбейт. Ак киер кезде, алдын тумар бизде, Айрылыштан жок болду, ал бубак беле. Кайырма: Сагынычты кошуп, сабаланып учту. Сага деген каттар сапарын бурду. Эстей берип эркелеген күндөрүмдү жашым тыя албайм, Жашым төккөн менмин, жалдыраган кебим Таба албадым сенде, таң атаарлык эбим, Таалайыма таянсам да, бир өзүңдү жаным кыя албайм