"MuzKg - Musical HITS of Kyrgyzstan" we publish the most popular music videos in Kyrgyzstan MuzKg: RU-vid: / muzkg MuzKg: Odnoklassniki: ok.ru/mmuzkg MuzKg: Facebook: / mmuzkg MuzKg: Twitter: / mmuzkg MuzKg: vk.com: mmuzkg
Ааламда теңдеши жок асылым алтын апам, Жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам. Жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана, Жароокер апакебай, бул ырым жалгыз сага. Тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам, Алыста жүрсө дагы балам деп шашкан апам. Бал ширин сөздөр менен эриткен жан дүйнөмдү, Ар дайым бир өзүмө сүйүктүү жаккан апам. Балам деп дайым күйгөн эненин таламында, Унутпайлы бейиш төрү эненин таманында. Бой тартып чоңойгондо ороңдоп четке какпай, Барктайлы апаларды көзү тирүү, аманында. Агарган ар бир чачың, биз үчүн аккан жашың, Ааламды сактайт тура энелик ыйык атың. Эр жетип мына эми турабыз алдыңызда, Эркелеп жетеличи, апакебай, баркыңызга. Кайырма: Түшкөрсөм түштү оңунан жоруган алтын апам Түгөнгүс түйшүктөрдөн коруган алтын апам. Үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени карап Онтосом, чогуу онтоп, ооруган алтын апам. Канчалык кыйналсам да баарына түткөн апам, Кайгырып капалансам арылткан жүктөн апам. Кайрылып үйгө келбей кечигип калганымда, Санааркап жолду карап, сагынып күткөн апам. Жарык нур тийип көктөн, мээримиң чексиз төккөн, Оозанткан эне сүтүн балалыкта эбак өткөн. Мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай берген, Апакем жаркыраган жаздагы жашыл көктөм. Көргөндө ак чачыңды, көзүмө жаш аламын, Бой жетип чоңойсом да өзүңө мен жаш баламын Кем кылбай эч бир жандан, чоңойткон апакемдин, Актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар саламын. Талыкпас эмгенине, ак сүтүн эмгениме, Көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине. Баш ийип таазим этем түбөлүк апакеме, Жаратып бул жашоого жарык нур бергенине. Бактылуу жашоо берсе мөмөлүү жемишинен, Алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен. Тилеймин Жараткандан жалынып мен күнүгө, Берсе деп апакеме акыреттик бейишинен.
Абдишукур ажы Нарматов айткан окуяны чагылдырыптыр. Клип эн мыкты болуптур. Козго жаш келди . Ырына клип жарашыптыр. Ыр да клип да сонун. Апамды сагындым 😔куйоого тийгенде ата эненди кадырын билет экенсин. Апамдын тамагын сагындым. Жытын сагындым АПА. Атамды сагындым 😔😢😢💖💖💖
Апаларыбыз Бар Болсун Ар Дайыма....Добр Азамат Ийгилик Сага!!!! Соонун Ыр Сооооонун Клип!!!! Бир ыйлаттын мени апаларыбыз бар болсунчу Оорубасынчы деги!!!!
Ээх апаларыбыз аман болсунчу. Бул Адышукур Ажы айткан бир окуяго, ушундай таасирдуу клиптерден чыгарсанар жакшы болмок. Жаллан элле суйдум куйдум деп чыгара бербей. Азаматсын Добр ийгилик сага. А мен болсо апакемди аябай сагындым
*"Жетимиш жылдыз биригип, кундой жарык боло албас, Жети эжен болсо да бир энендей боло албас. Жетимиш женен болсо да эне орду толо албас." Сооонун ыр, Добр братан ишинизге ийгилик, дагыда алга алга*
хадистен алынган ыр жакшы сонун бирок клипте байкуш эне каарып турса Дагы озу жалгыз бир уйдо жашаган болот экен баласынын жанында болгондо отто сонун болмок эненин жалгыздыгы эле кичине капа кылды бирок жакшы маанилуу ото рахмат Добр байке!
Хоть я русский и не понимаю всех слов песни но наши мамы самое дорогое что есть у нас ,а это песня самая лучшая про маму ,мама это рай для всех ,цените матерей , спасибо за прекрасную песню про маму,хоть порой мы обижаем матерей мама это самое дорогое и самый родной человек ❤,мама это все для нас ,берегите матерей!!!
Куйсо да апамчалык эч ким куйбойт, суйсо да апамчалык эч ким суйбойт демекчи балдары учун баарына дар болгон апам жана атам бар болунуздар омурлуу болунуздар
Бул ыр аябай сонун чыгыптыр маанилүү тасирлүү Бул жашоодо барлыгыбызга Ата-Энебизге рахмат арбир Ата-Энелерибиз аман эсен ден соолукта жүрүшсүн бактыбызга аман болсун
Энелер аман эсен ден соолукта болгула балдарынардын жалан Гана жакшылыктарын коргуло Ооминь ИНШААЛЛАХ. АЛЛАХЫМА АМАНАТ БОЛГУЛА АЛТЫН АПАЛАР ИНШААЛЛАХ. 🙏🙏🙏❤❤❤👍👍👍
Шариат боюнча музыка уккан куноо экен)) мындай мыкты нерсени суйуп коруп куноого батсам макул жакшы клип экен молодец Добр Энелерибиз аман болсун👍👍👍💥💥💥
Добр байке сиз кырнызстан баюнча эн кыйын реперсиз баястан, бегиш аларлын бардыгы теке пеке, а сиз болсо мурдары манас жонундо кыргыз жонундо ырдагансыз,мен сизди эн кыйын реперлердин бири жана биринчи местада турат деп ойлойм.