17 жыл болду Россияда эмгектенип келем,эми маани берип угуп олтурам ушул ырды көздөн мөлт-мөлт жаш кетип.Мурда түшүнбөй эле угуп жүргөн окшойм же мекенге болгон сагынычпы.Бар болуңуз Керим агай.
Керим Турапов,Кыргызстандын Легендасы❤Биз сиз менен сыймыктанабыз,аман болунуз Агай ден соолугунуз бекем,болсуун,Уй булонуз менен Кыргыз элим менен ама болунуз,Россиянын Красноярск шаарынан жазып жатам,Айылды сагынганда Сиздин ырларынызды угууп,дем куч аламын❤рахмаат Сизге Кыргыз элинин Улуу инсанысыз,Аллахыма чексиз шугур, Сиздей Инсанды Замандашты, Бизге жолуктурганына,Баар болунуз биз Сиз менен сыймыктанабыз.❤❤❤
Чонатам менен чон энемдин элеси тартылат.Мен да сагындым энем жапкан ошондогу ысык нанды.Кокколдун ичи буркураган бир метр оскон артуркун чоптун гулдун жыты.Карагай арчанын шуулдаган добушу.Куштун сайраган уну.Керемет ун керемет обон,керемет создор.
Кылымдардан кылым карытып, Кызыл-Суунун суусу агылып. Бал жыттанган таттуу кымыздай, Туулган жердин суусун сагындым. Жүрсөм дагы алыс араңдан, Ата Журтум кетпейт санаамдан. Акыл айтып, асыл кеп айткан, Аталардын кебин сагынам. Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан, Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган. Ышкын терип аска-зоосунан, Жүргөн күнүм эстеп сагынам. Жылаңайлак, чырпык ат минип, Жылгалардан тунук суу кечип. Балтырымды тилип караган, Балалыгым эстеп сагынам. Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр, Коңур желдүү, салкын, асыл жер. Кокту, белес, күнгөй-тескейден, Кой кайтарган күнүм сагынам. Түндүгүнөн түтүн булатып, Апам жапкан нанды сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам конгон журтту сагынам.
2011- жылы Керим Турапов Москвага барып, ушул ырды ырдаганда, мен жиндидей болуп, шишип көөп, токтобой ыйлаган элем, көрсө мекенге болгон кусалыгым чегинен ашып кеткен экен. Ошондон тартып колума иш барбай койду, өзү да ырдап бүтүп алып, " Кыргызстанды сагындынарбы" деди да адамды ыйлатып.Акыры билет алып келип алып, өзүмө келип отуруп калдым үйдө.
Жору болобуз биз да Кызыл Суудан Алайга барып отурукташып калган экенбиз ...Уруу суруштургондо тегибиз Кызыл Суулук Жоруларданбыз деп калабыз...А бул киши биздин агабыз болот экен бул да жору Кызыл Суулук
Кызыл-Суунун суусу агылып деп, ар бир сабында айыл сүрөттөлөт. Бул ыр менин үчүн гимн. Керим аба Аллахым сизге бекем ден-соолук берсин, бар болуңуз. Өмүрүңүздү тилейбиз!
Ош жергесинин ен комбат байлыгы керим турапов .ош облусунун жузу ел даназалап бактылуу оштун булбулу бул керим турапов .ийгилик каалап мен кундуз есенбаева !!!
Керим агабыз бизге кошуна турат. Чайчы айылы биздин кочонун аты Керим Турапов атындагы кочо. Бар болунуз сиз менен сыймыктанабыз. Карындашыныз. Гулнара Сыдыкова Адишовна