Ал мезгил менин эсимде, Али да сонун сезимде. Ар дайым күтүп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Сүйүү оту жанса көзүңдө, Сүйүнүч турса өзүңдө. Сабактан бошоп барчумун, Алтынчы күнү кечинде. Чырдашпай келип чечимге, Чыгарбай сырды эч кимге. Диплом алдың, сөз бердиң, Алтынчы күнү кечинде. Эртелеп барсам бешимде, Экзамен бүткөн кезинде. Ашыкпа дедиң, той болот, Алтынчы күнү кечинде.
Адилетим, асыл жарым, араң эле 34 жашка чыгып, сыздатып кете бердиңби жан биргем? Өмүр бою өксүгүм, кусалыгым, сагынычым болуп калдын го берекем. Эми сага барчу күндү күтүп жашайм😭😭😭💔💔💔
Бул ыр 66_ 67_ жылдарга туура келеби. Элдин ырдаганы эле кызга ашык болуп калган. Анан да көл толкуду деген ыры бар эле. Ушул эки ыр радиодон да элдин оозунан да түшчү эмес. Бу Нурканбет аганын элди шыктандырган ырлары көп болгон. Ал убакта айылда телевизор жок эле үнүнөн таанычубуз
Оой Татуубубу эжебизди окшотуш учун , Кыргызстандан эмес,жер шаарынан издесен тапбайсынар,ал бир башкача жаралган слуулук болчу,чанда кездешкен алмаз эле