Көп кырдуу талант ээси, драма жана кино актеру, обончу - композитор, музыкант Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн "Достуктун тили - Музыка" аттуу иш-чарасынын "Эсиңе мени алаарсың" аттуу адабий - музыкалык кечеси КТРКнын концерттик залында 15.02.2022-жылы 18.00. өткөн. Кечеде белгилүү Казак элинин классик, лирик акыны Мукагали Макатаевдин чыгармаларынын котормолоруна жаралган Нурканбек Турсунбаевдин обондуу чыгармалары аткарылып, акындын поэзиясы көркөм окулду. Котормо Кыргыз республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жипариса Көчөрбаевага таандык. 2017-жылы Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын сунушу менен Жипариса Көчөрбаева Мукагали Макатаев акындын 100 ырын кыргыз тилине которуп, Мамлекеттин буйуртмасы менен "Эсиңе мени алаарсың" аттуу жыйнак жарык көргөн. Нурканбек Турсунбаевдин "Достуктун тили - Музыка" аттуу иш - чарасы Кыргыз - Казак элдеринин достугуна арналган. Мукагали Макатаев акын тирүү болгондо 2021-жылы 90 жашка чыкмак. Кеченин сценарийинин автору Турсунбаева ДЖыпаркул Аман кызы, койгон режиссер Жипариса Көчөрбаева.
4 окт 2024