Алмашып күзгө жашыл жай, Ат-Башым агат шашылбай. Ат кечпей суунун агымын, Арманым аттын башындай. Кайырма: Боз туман чалып тоо башын, Бойлобой турам ооба, чын. Боздотуп койсоң ат башын, Болоюн сенин Боогачың, Алыска арзып мен келдим, Адашкан тайлак өңдөндүм. Аркы өйүз менен берки өйүз, Ат-Башым, неге тең бөлдүң? Кайырма: Боздосоң кантип түтөйүн? Болжогон күндү күтөйүн. Боогачың болуп мен сенин, Боюңдан издейм, Үкөйүм. Ачыгын айтсам жашырбай, Арманым аттын башындай. Ашыгым, менин көрсөтчү, Аркы өйүз жакка жашынбай. Кайырма: Боз туман чалып тоо башын, Бойлобой турам ооба, чын. Боздотуп койсоң ат башын, Болоюн сенин Боогачың. Боздосоң кантип түтөйүн? Болжогон күндү күтөйүн. Боогачың болуп мен сенин, Боюңдан издейм, Үкөйүм.
Кабарымды күндө сурап барганда Карыктыго карегиңер талганда Мен болсо силерге окшоп жем ташып Чымчык болдум өз уямды айланган, айланган Андагыдай мойнуңарга артылбай Арманым көп иште жүргөн айтылбай Амандыгын күндө тилейм кудайдан, кудайдан Атакебай, апакебай, алтындар Ат бердиңер алыс жолго минерге Тон бердиңер үшүгөндө киерге Суу бердиңер чөлдө калса ичсин деп Мен эч нерсе бере албадым силерге, силерге Андагыдай мойнуңарга артылбай Арманым көп ичте жүргөн айтылбай Амандыгың күндө тилейм кудайдан, кудайдан Атакебай, апакебай, алтындар Атакебай, апакебай Атакебай, апакебай, алтындар Мээримине бөлөп келди көзүңөр Мен таянар, медер тутар өтүнөөр Мелт-калт кылып сактап турган өзүмдү Мекеним да, Меккем дагы өзүңөр, өзүңөр Андагыдай мойнуңарга артылбай Арманым көп иште жүргөн айтылбай Амандыгын күндө тилейм кудайдан, кудайдан Атакебай апакебай алтындар Атакебай, апакебай Атакебай, апакебай, алтындар Атакебай, апакебай, алтындар
Камбаркан фольклордук ансамблине Кенжени.солистка кылып алыш керек деген жыйынтык чыгарып барса Саламат Садыкова каршы болуп, иштетпей коюптур, эгер ошондо иштеп калганда Кенже Кубатова давно эле эл артиси болмок.
Керемет обон, Аксуубай Атабаевке ушул обону үчүн эле эл артиси деген наам бериш керек болчу убагында, баркталбай кетти кайран талант, ал эми.бул ырды.Токтобек менен Кенже керемет дуэт.кылып ырдап.чыгышкан, бирок тагдыр экен, экөөнүн үнү.айкалышып.турчу, аттиң дейбиз, экөө бир жашаганда дагы соонун дуэттер жаралмак, экөөнүн тең үнү сейрек кездешкен үндөр болчу, мындай нукура таза.үндөр чанда бир кездешет го чиркин!!!
Алтындан курган чарбагын,атаке ай тийген жерде арбагын.кумуштон курган чарбагын атаке,Кун тийген жерде арбагын.чарбагындан чакырсам,келеби Сенин арбагын.
Керемет чыгарма.Жаны эле "Бенефис"көрсөтүүсүнүн үзүндү чыгарган УТРК каналынан Фейсбук баракчасында көрүп суктандым Эмне мурда уккан эмесмин мындай соонун чыгарманы.Токо байке бар болуңуз! Апабыз кылым жашынан ашып өмүр сүрсүн.