Тёмный

Токтобек Асаналиев - Адамдарга кайрылуу (Official Audio) 

Токтобек Асаналиев
Подписаться 7 тыс.
Просмотров 864
50% 1

Премьера альбома
Токтобек Асаналиев - Адамдарга кайрылуу (Official Album)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.to/kairyluu
Follow Toktobek Asanaliev:
Instagram: toktobek_as...
Facebook: profile.php?...
Адамдарга кайрылуу
Сөзү: Жолон Мамытов
Обону: Калмурат Рыскулов
Сүй журтуңду, сүй жериңди, жарыңды,
Адалдыкка бер күчүңдү, каныңды.
Кыйын чакта кыйган болсоң өмүрдү,
Кыяматта калк унутпайт аныңды.
Адам пенде акын болбо ашынба
Акмак болбо адалдыкка таш урба
Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп
Ажал деген кылыч турат башыңда
Найзалашмай, кылычташмай жок заман
Кийими бүтүн оокаты мол ток заман
Ой энеден найза жасап, бирок деймКырчылдашын токтотпогон шок заман
Ойлой берсең ооруу менен ажалдыАлып тынат ал күчүңдү, мазаңдыАндан көрө келээр кечтин камын көрТамак астыр, боркулдатып казанды
Соогунбасын семиз менен арыктаКүндүн-түндүн айырмасы жарыктаКимге тансык түн уйкуңдун шириниКүндүз кылган ишиң калат тарыхта
Ойлоруңду элиң менен бөлүшкүнЧын төгүнүн сынга салып көрүшсүнБаарың жаман мен жакшымын дебегинЖалгыз өзүң айдабайсың жер үстүн,
Арак деген айлап, жылдап акырынАлып тынат акылмандын акылынДал ошондон ичпейт аны акылманНе жүйөөңө сен ичесиң акыным
Бирөө суусун таппай жүрөт ичээргеБирөө кечүү таппай жүрөт кечээргеМунун баары тизгин каккан жолоочуОо тирүүлүк сенин жалгыз көчөңдө
Эсен-аман эс тарттырып урпактыӨтсөк экен ыйык сезип турпактыОкеандар тың шарпылдап турса экенЧайпалбайт, чайпабайлы кургакты
Сулууларды суктандырат иреңи
Баатырлардын таш омкорот билеги
Кезегинде бир сулуунун жүрөгүн
Жеңе албаптыр миң баатырдын жүрөгү
Тирүүлүңдү сапарыңды күбөөлөр
Өмүрүң жол эрте-кечби түгөөнөр
Түмөн кылып түгөнбөстөн ал жолдо
Түйшүк тартып өтө берет түмөн эл
Адам пенде жакынынан айрылат
Тирүүлүктө канат эчен кайрылат
Жазалагын тагдыр барын чын болсо
Кайгырганды, жаткандарды сайгылап
Көзөлдөрдүн көрүп шалбар көйнөгүн
Муну эстедим баарын коюп өңгөнүн
Тыт баригин кырк күнү жеп жибек курт
Сулууларга жибек чубап өлгөнүн
А бул дүйнө ажайып бир керемет
Убакыттын калбырына эленет
Биз тирүүлөр чек арасы болобуз
Сансыз элдин өткөн жана келе элек
Адам пенде дасторконуң жайгын даПейилиң төк бирок мунуң айрым даҮлпөтүңдө отургандын баарысыКелип бербейт катаал күндө, кайгың да
Адам пенде өжөрсүң да, кежирсиңИлим ойсуң көк катылган сезимсиңАары менен кумурскадан кийинкиТабигаттын мээнеткечи өзүңсүң.

Видеоклипы

Опубликовано:

 

14 июн 2024

Поделиться:

Ссылка:

Скачать:

Готовим ссылку...

Добавить в:

Мой плейлист
Посмотреть позже
Комментарии    
Далее
Я нашел кто меня пранкует!
00:51
Модные мальчишки
00:36
Просмотров 17 тыс.
Таалай  Бектурганов
12:38
Просмотров 223 тыс.
Өмүрзак Кайыпов "Дүнүйө"
3:08
Просмотров 294 тыс.
Ozoda - JAVOHIR ( Official Music Video )
6:37
Просмотров 8 млн
БОЛЬШЕ НЕ ВАЦОК
1:43
Просмотров 1,6 млн
Gulinur - Chaki chaki (Official Music Video 2024)
3:32
BABYMONSTER - ‘FOREVER’ M/V
3:54
Просмотров 15 млн