Сен менден кеткиң келди, кеткин эми, Таңга окшош таалайыңа жеткин эми. Өзүңдү элестетип турар мага, Өксөсү басылбаган жаздын жели. Каректен кайгы жашым токтобой эч, Кусага тебеленет курган жүрөк. Мен үчүн татып келет бир кылымга, Өзүңсүз өтүп жаткан ар бир мүнөт. Кайырма: Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай, Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай. Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай, Эч качан бүтпөгөндөй күн сапары, Менин да сагынычым бүтпөйт эми. Курманы болсом мейли махабаттын, Сагынып жүрүп гана жалгыз сени. Кайыр кош, бакыраң көз бактым менин, Эңсетер эми мени сенин демиң. Жашатар шыңгыр күлкүң, кардай жүзүң, Жалбырактай жупжумшак эриндериң. Кайырма: Кезигип түшүбүздө, жашоодо жолугушпай, Мен сени сагынармын, перзенттин добушундай. Сен мени сагынарсың, перзенттин добушундай, Мен сени сагынармын, сен мени сагынарсың
Мирбек сен ыймандуу кызга уйлонуш керек элен. Динден тушунугу жоктор шугур кылбай.балдарды ойлошпой озум акча табам деп адашатта. Ыймандуу Алладан кабары бар кызга уйлон
Кутман кеч! Москвадан Салам! Бул ырдын автору озу Абидин Темиров да,Токтобубу Черикчиева ырды талашсыз жогорку денгээлде аткарган,бирок азыркы дуэт дагы эн сонун чыгыптыр.Азаматсынар,Абидин и Мирбек! Талантынар ташкындай берсин,силерге и в дальнейшем больших творческих успехов!
Бул ырды Черикчиеванын аткаруусунда бир эле угуп токтогом. Мирбектин аткаруусунда күнүгө бир маал 2-3 кайталап угам. Так что ар кимдин өз угарманы бар ырдай беришсин
Мыкты аткарыптырсыңар,сөз жок, кайра кайра угуп моокумум канып жатат,тээ илгери укчуумун ушул ырды, негизи эле Мирбек жакшы ырдайт, айрыкча эски ырларды кайра жандантат, красавчик бро,респект.