Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын, Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын, Издеп жүргөн бейишим таманында апанын. Азаматты эр кылган бата болот турбайбы, Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы, Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы. Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы, Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы. Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат, Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат, Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат. Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы, Агасына иниси жөлөк болот турбайбы. Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы, Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы, Карыганда неберең эрмек болот турбайбы. Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал, Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал. Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал. Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы, Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы. Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы, Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы. Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы, Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы. Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы, Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы
Слушаю эту песню и нахожу новые смыслы для себя. Автор песни Гулжигит Сатыбеков, всё-таки какой же он талантливый человек, с глубокой философией и понимаем этой жизни. Пока мы молоды, мы не осознаем смыслы таких песен, но до меня доходит смысл этой песни, причем смысл довольно глубокий. Она будто даёт некий глоток в жизни, подпитывает тебя философией внутреннего состояния, напоминает нам кто мы.Боже, я очень кайфую от нее, складывается ощущение, что я познал многое с этой песней. Каныкей и Ырыскелди прекрасно исполнили эту песню, большое спасибо им за эту эмоцию и посыл Просто искреннее спасибо за это ❤️
Спасибо тебе за прекрасный позитивный комментарий .А иначе никак , согласна на все 100 процентов . И песня прекрасная и автор и исполнители просто супер 👍👍👍Молодцы
ЫРЫСКЕЛДИ САТЫБАЛДИЕВ БАЛАБЫЗДЫН УНУНӨ БЕРЕКЕ🙏, УКАНДА КИШИНИН КАНЫН ДҮРКҮРӨТӨТ ТИМҢЛЕ ЧЫНЫГЫ НУКРА КЫРГЫЗ ЖЫТТАНГАН ДООУШ БАР КАНИКЕЙ ЭКӨӨНДӨ ТЕҢ, АЗАМАТТАР ӨРКУНДӨП ӨСӨ БЕРГИЛЕ,КЕЛЕЧЕГИҢ КЕҢ БАКТЫЛУУ БОЛ БАЛАМ АЛЛГГАА.🙏💯👏🤝💖🤗👌🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Ва Алейкум Ассалом Бир тууггандарыбыз.Аман Есен жургулоо өзуңөрду Кыргыз экенин оркундөп өстуруп жургүллө,келечектен чооң Кыргызстан курабыз силер керексиңер.
Кыргыз элибиздин маданяты аксак. Ушундай таланттуу жаштарыбызга орнок болушуна коптогон салым кошсок таланттары таанылып,атактары алыска чыкмак. кыргыз маданяты оркундоп-оссун!
Когда Сатыбекову дали заслуженного артиста 2016 году все кричали типа он не достоин. Послушав эту песню многие наверное поняли какой он талантливый человек...
Сонун, сонун, бул жигиттин уну да сонун экен, Каныкейди го билебиз, жакшы коробуз, сыймыктанабыз, коптон бери чыкпай калды деп аттык эле, Рахмат жаны ырдестениздерге👍👍 бар болгула, оркунунор осо берсин 🤲❤️🇰🇬💐💐💐
Вчера была на выступлении этого аркестра. Была очень удивлена новизной и профессионализмом дирижера. Это тот человек который чувствует песню инструментов исполнителя и зрителя. Жду следующего концерта. Искренне влюбилась в ваш аркестр. Детей тоже нужно вводить в такие мероприятия, чтобы кругозор рос. Искренний поклон Асылбеку Насридинтегин👏👏👏👏
Туура айтылган оркестрдин чон ийгилиги ырдын жакшы чыгышы, уккулуктуулугу ж.б.Ыр Каныкей ,Ырыскелди учун чыгарылгандай, эн сонун аткарышкан оркестрдин коштосуунда албетте. Чон ыракмат.
Азаматсын Ырыскелди, сахнаны сыйлаганын, онорду баккан, жонокой бирок ошондо да озундун баланды эмгегин менен которгон жигит экенсин, Караколдо биринчи жолу коруп, башкалардан айырман жогорку айтылган саппатарын менен , унун, чыныгы талантын менен багындырдын! Азаматсын, коз тийбесин🤲🙏 Алга✊☝️
Каныкейге отдельно браво 🌺🌺🌺🌺🌺🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬 Ырыскелди 👍👍👍👌👌👌👌🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🌺🌺🌺🌺 Онуго бер ,осо бер Кыргызстаным ! Ар бир тамчы онугуу учун АЛЛАХЫМа чексиз шугурлор болсун 🤲🤲🤲🤲
Гулжигит Сатыбековго Кыргыз Эл Артисти денег наам бериш керек, ушундай ырга созун жана обонун жазгандыгы учун!!! 1 миллиондон ашык коруучу! Браво! Коп жашаныз!
Вчера 8- марта 2024, была на концерте в филармонии, где выступали все оркестры. Меня силой потащили, так как не слушала этот жанр. Когда выступали этот оркестр , рядом сидящие говорили, что дирижёр очень харизматичный, из-за зрения не очень разглядела. В живую прекрасные голоса, а звучания оркестров завораживает. Раньше слушала злой басс, рок, электронную музыку. Сегодня слушаю выступления вчерашних выступающих. Я теперь фанатка особенно Асылбека Насирдина!
Гулнур эжебиз Сатыбековдун ырларын талкулаган эле . Акырындап болот . кандай маанилуу насаат ыр да чыгараар деп кутпой , эрте суйлодунуз эле 😊 Баары акырындык менен Мамлекетда онолот буйруса❤❤❤
Чындап аркестрдин ийне жибин көрсөтүп , укпай жүргөн бизди угууга шыктандырды. Оркестрди Ырыскелди, Ырыскелдини оркестр толуктап бизге жеткирип хит кылды.
Ушул ырды күттүм гоо. Өнөрүңөр өсө берсин. Чыгармачылыгыңарга ийгилик! ✊✊✊ Гулжигит Сатыбеков агабызга да өзгөчө таазим. Ар бир сөзүнүн мааниси терең ыр. Ырыскелди иним азаматсың ✊🔥.
Прекрасное исполнение песни,под оркестр Кыргызских народных инструментов им Орозова,Ырыскелди, Каныкей ,еще раз доказали, какая же у нас талантливая молодежь!!!
Фольклор менен эстраданы айкалыштырып керемет ырдашкан. Созу, обону кандай келишкен. Сатыбековго таазим. Рыскелди менен Каныкейге чон рахмат. 2023 жылдын мыкты ыры болуптур.
Ырыскелди жакшы ырдап чыгып атат жандуу үн менен туура жол тандапсың фольклордук оркестрда ырдаган ырчылар саналуу гана болчу, анткени азыр хайп контент деп эле эптеп таанылып алыштын жолун издегендер көбөйдү. Ырдап чыкканда абдан сүйүнгөн элем , чыгармачылыгын өркүндөй берсин иним.
Ушул видеону кундо ютубдан карап кутуп жаттым. Азаматтар, ушундай ырлар жана ырчылар коп болсун. Каныкей, Ырыскелди чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Дагы коп ырларды кутобуз.👏👏👏☝️👍👍👍
Асылбек Насирдин тегин сиздин эмгек бул ырга экинчи өмүр берди. Албетте жалпы оркестр жана Каныкей, Ырыскелди сиздердин да эмгек зор, үнүңүздөр өчпөсүн, талантыңыздарга таазим. Гүлжигит мырза сизге алкыш, ушундай сонун ыр үчүн, сизге дагы да чыгармачылык шык! Баарыңыздарга ден-соолук!!!
Мындай таланттуу баланы мен эмнеге эми гана таанып, угуп жатам ыя? Баракелде, бар болгула! Гүлжигит Сатыбековдун ырларын өзгөчө чет жакта тиричилик кылып жүргөндөр көп угат да. Мен дагы уга калайын деп кирсем, бул кыйындар чыга калып жатпайбы. Угуп бир эргидим да чиркин. Ташкенттен салам🙋🏻♂️
Каныкей менен Ырыскелдиден тышкары бул чыгармада коп адамдардын саоымы бар деп ойлойм, оркестрдин мучолоруно, дирижерго, корком жетекчиге да чон ыраазычылык🙌🙌
Каныкей эженин сахнага кайрадан жаны дем менен жандуу ун менен кайрадан коруп турганыбызга баарыбыз кубандык а Ырыскелди азаматсын биз сени колдойбуз канчалык которулуп кандай ырчы болсонда жанындагы аялдан кооп улгу ал ошондой жонокойлук сенденда кутобуз . Ал аял Каныкей КЫРГЫЗДЫН Каныкейи ээн жонокой чыныгы Кыргыз кызы АЛТЫН КЫЗ КАНЫКЕЙ эже !!!🎉🎉🎉🎉❤❤❤❤❤❤❤
Мен кафеде иштейм. Бул ырды кунуно кайра кайра угам абдан жагат. Кафеге келген кыргыз гостьилер да тамак жеп турган жеринен чогу ырдап турушат. Даже во время оплаты акча которуп жатып да ырдап коюшат, до того пока приложение отказывается. Спасибо большое исполнителям
Асылбек Насирдинов эн мыкты комузчу да , дрижор да экен , ушунча коп музыкантты жетектеп , ырчыларды жогорку денгээлге алып чыккан , азаматтар , уккун эле келет !!!
Эн мыкты чыгарма, Эн мыкты аткаруу болуптур Силерге чыгарма чылык Ийгиликтерди каалайм. Ырыскелди сен жашсын иним алдыда кой Ийгиликтер бар ошолордун баарын багырдыр ага сенин эмгегин ж.а таланттын да жетет. Талыкпай эмгектене бер.
Керемет ырдашыптыр! Каныкей го башынан менин эн жакшы коргон кызым! Эми менин журогумдон Ырыскелди дагы ордун тапты! Браво! Кыргыз элибиз бир ууч болсок да эл ичиндеги ушундай таланттар абдан сыймыктандырат. Угуп отуруп ыйлагын кана келет суйунучтон.
Ырыскелди иним ушунчалык сонун ырдайсын,ушул ырга сенин унун абдан жакшы туура келет тим эле келиштире аткарасың бул ырды.Ырыскелди балам мен сага өркүн өссүн,талантын ташкындай берси деп бата берет элем❤❤. Каныкей айымга соз жок,абдан таланттуу, кыргыз элинин жакшы коргон ырчы кызы мен силерди абдан жакшы кором Бар болгула дайыма алга демекчимин!!❤❤❤