Эн сонун чыгарма . Эн мыкты ырчылар . Улгулуу уй-було , Аваз Айдана . Чыгармадагы каарман менин Апам . Чолпон Апа биздин багыбызга аман болунуз . Кызыныз Гульжазира г .Москва 12.06.2024.💐💐💐😘😘😘
Аваз менен Айданадай болуп,Биржан менен Нурайым чогу дуэт аткарышса,бүткүл Кыргыз,Казак эли суктануу менен угушмак. Аваз,Айдана өмүр бою сыйлашып өткүлө.Силердин ар бир ырдаган дуэт ырларынар өзүнчө эле Керемет. Бактылуу болгула!!
Сүйүп өтөм Текст 1 куплет: Сен болдуң жүрөгүмө колун сунган, Жараатым айыктырдың ооруп турган. А балким тагдыр мени себеп кылып, Сүйүүнү экөөбүзгө жолуктурган. Кайырма: Сүйүп өтөм, өмүрдөн кетмейинче, Баркыңа жетмейинче, Мен сени сүйүп өтөм. Сүйүп өтөм, өзүмдү арнап алып, Колуңду кармап алып, Сүйүп өтөм. 2 куплет: Жүрөгүм жүрөгүмө ширелгендей, Толуктап туруу үчүн жибергендей. Сүйүүмө жолуктур деп суранчу элем, Бактыма сени жазды тиленгендей. Кайырма: Сүйүп өтөм, өмүрдөн кетмейинче, Баркыңа жетмейинче, Мен сени сүйүп өтөм. Сүйүп өтөм, өзүмдү арнап алып, Колуңду кармап алып, Сүйүп өтөм...х2
Азаматсынар Аваз Айдана 👏👏👏!!! Улгулуу уй булоолорду толуктаган, таттуу тугойлор ❤!!! Ыр менен клип - эн соонун 🎉🎉🎉!!! Чыгармачылык ийгилик, Аллахым эки дуйно бактылуулукту насип кылган болсун ылайым 🤲🤗💐
Аваз жана Айдана мыкты дуэтсинер, эн сонун уй-булосунор, таттуу тугойсунор! Бактынар туболуктуу болсун, кийин карыганда да соонун чыгармаларды жараткан тугойлордон болгула! Коз тийбесин, дагы да чыгармачылык эргуу, жанылыктарды кутобуз! Эн сонун чыгарма болуптур, кечке уктук! Бар болгула Аваз жана Айдана!
Азаматсың Нурлан,чыгармачылык ийгиликтериң күндөн - күнгө өркүндөп өсө берсин!Үй бүлөң менен бактылуу өмүр сүргүлө!Сүйүүнүн кичине эле учкуну болсо,ошону Асель экөөң тутандырып,жашооңорду бекемдей бергиле балам!Өмүрлүү болгула!
Анча мынча тураксыз каарыганда оз ордун билбеген, жашы отуп озун 18 де менин журогум деген арсыз адамдарга сабак болчу ыр экен. Азаматсынар Аваз Айдана силер улгу алчу мыкты инсансынар