Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып, Түндөр уктайт чолпон жылдыз тагынып. Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып, Мен уктабайм түндө сени сагынып. Мен таарынам, бирок мага таарынба, Мен сагынам, жаным, мени сагынба. Сезимдердин сересине чыгарда, Сен кабылба мен кабылган тагдырга. Окубачы ыйлап жазган катымды, Сен көрбөчү көздөн аккан жашымды. Мен сүйүүнүн кай жеринен жаңылдым? Карагаттай көздөрүңдү сагындым. Кирпигимден шүүдүрүмдү сыдырып, Мен уктабайм түндө сени сагынып.
ГУуулдор уктайт шуууудурумду жамынып. Тундор уктайт чооооолпон жылдыз тагынып. Кирпигимден шууудурумду сыдырып. Мен уктабайм тууундо сени сагыныыып. Мен тааарынам бииирок мага тааарынба. Мен сагынам жаным мени сагынбаааа. Сезимдердин сееееересине чыгаарда. Сен кабылба мен кабылган тагдырга. Ооокубачы ыыыыйлап жазган катымыды . Сен корбочу коздон аккан жашымды Мен суууйунун каааайжеринен жанылдыыым. Карагаттай кооооздорунду сагындым. Мен уктабайм туууундо сени сагынып
Эң сонун аткарылган кавер👍 Азиза сенин үнүң эле эмес жылдыздуу жүзүңдө да бир образ бар, айта албайм турам кайсыл экенин. Кино кадырларына өтө бир жарашчу. Балким; сүйүү образы, балким; драма. Бирок: сага менин кымбат кеңешим,, Ушул *токтоо мүнөзүңдү* башкаларды туурайм деп жоготуп алба. Ал кандайча? Мааниси бузук ырларды аткарба, обу жок кыйкырып-чаңырган ырларды ырдаба, коомго жат көрүнүштөрдү колдонбо, ачык кийинбе, батыштын ыплас аялдарын туураба. Айымдык ушул сапатыңды сактап кал. *Шоу* адамды тез бузат. Сак бол карындашым. Сага ийгилик каалайм! 🌹🌹🌹