Эмне деген ыр саптар.Ушул акын баламдын ырлары керемет.Акбар баламдын ырын угуп,неберемдин атын Акбар койдум.Неберемдин боосу бекем болуп, өмүрү узун болуп,ушул акын баламдай акын болсун -деп тиледим.❤
Бир күн келет сени ааламга жетелеп, Бир күн берет бакытыңды эселеп. Бүтөлгөндөй туш тарабың жылчыксыз, Бир күн өтөөр тагдырыңды жемелеп. Бир күн сызып, самолёттой барат шуу, Бир күн учуп, кайрылбаган канаттуу. Бүт баардыгы жайланышып калганда, Бир күн келип жан дүйнөңө салат чуу. Бир күн келет таалайыңа кошуп шаң, Бир күн менен эки жүрөк кошулган. Бал сыяктуу ширин ууну жуттуруп, Бир күн бөлөт ажырашпас досуңдан. Бир күн минип зуулдаган учкан ат, Бир жыл күткөн бала жытын жыттатат. Бийигинде жүрсөң дагы асканын, Бир күн өтүп, өмүр аздан кыскарат. Бир күн келет ажал сурап атаңды, Бир күн келет өлүм тооруп апаңды. Болсо болоор… бирок кечтен берсинчи, Бир күн үчүн миң күн тартчу капамды… Бир күн болот үмүтүңө шам чырак, Бир күн жомок ак боз атын камчылап. Бир байрагын көтөрө албай сүйүүнүн, Бир күн менен бүт сезимдер жанчылат. Бир күн аалам кубанычка толтурган, Бир күн жаман жакын бооруң жок турган. Билик өчүп калыш үчүн үмүттүн, Бир күн арсыз шайтан менен дос кылган. Бир күн кээде оору берсе жок чыдам, Бир күн жолуң көрүнбөгөн боз туман. Бүгүн дагы кагаз карап үңүлүп, Бир күн менен ыр бүтүрүп олтурам. Бир күн акыр кыяматы келет дейт, Ал күн катаал, коркунучтуу, мерез дейт. Ар амалын өмүрүңдүн кылынган, Бир күн калбай периштелер эсептейт. Бир күн турса жүрөгүңдү чокко ороп, Бир күн күйүп, алоолонгон от болот. Биз адамдар ыйман гүлүн соолутсак, Бир күн менен бул жер жүзү жок болот. Бир күн келип, гүлдүү жерден чаң учат, Бир күн келип, күткөн жандар табышат. Биз алпарсак өткөндөрдү мүрзөгө, Бир күн келсе, бизди алып барышат. Автор: Акбар Кубанычбеков
Создордун мааниси абдан синимдуу соонун жазылган,🤲турмушта болуп аткан нерселер. Кыямат куну. Ар бир адам олум даамын татыйт. Аллахым кылган куноолорубузду кечирсин 🤲🤲🤲🤲кабыр азабынан сактасын , сурактарыбызды женилинен берсин. Оомин 🤲🤲😢
Эмне деген керемет саптар.Канча уксам да тажабай уга берем.Кол уучубуз кур эмес экен.Акбар айланайын аман бол.Поэзиянын океанында сузо бер.Сердей акындар биз учун байлык.Ийгилик сага уулум.
Бир кун келет, сагынасын жаштыкты. Балалыкта ойноп жүргөн көчөлөр, Чаң жыттанган ошондогу күндөрдү. Кыйынчылык күндөр келсе башыңа, Сагынасын Апаң жапкан нандарды. Бир кун келет, ажал сага айттырбай, Түгөнгөндө жашоодогу ырыскың.....
Аманат жашоонун арыгын... Аргасыс чабабыз да башка айла канча??? 🙃🙃🙃 Жаш болсонуз да ойунуз терен экен китебинизге жетсек ;окурмандарыныздын жарасы андан да женилдемек.