Мен жаралдым. Дүйнөдө жашап жүрөм. Баскан жолум каткырык, мазак - түмөн... Коомдун жутуп алгандай аӊ сезимин, Койкоёмун, турса да артып күнөөм. Келсе кокус, акыркы таӊ аткан күн... Куу кекиртек - себеби азаптардын. Алма шактай сооп байлап мөмө бербес, Кантип барам, астына Жараткандын? Жай намазга жаш төгүп ыйлай албай, Ата-энемдин бутун өөп сыйлай албай. Жакыр тарткан чөнтөгү, жан дүйнөсү, Элим үчүн жан кейип туйлай албай. Кантип барам, астына Жараткандын? Чүкө болуп үмүтүм өкчөлгөн миӊ, Чиеленген багытым төрт бөлгөнмүн. Чындыкты жаап, тилимдин калп айтканын, Акыретте сүйлөсө көз көргөнүн, Кантип турам астында Жараткандын? Баба жолун байытып улабасам, Байкуш көрсөм жүзүмдү бура качам. Кара курсак тогуна топук кылып, Бир жетимдин башынан сылабасам. Кантип турам астында Жараткандын? Азгырыктан адашкан кайталбасам, Ар ишиме мактанып айгайласам. Көпүрөнү балалык куруп берген, Ичкен досту ичпе деп айталбасам. Кантип турам астында Жараткандын? Туман басып көзүмдү дардаӊдасам, Түккө турбас акча үчүн жалмаӊдасам. Ар мүнөттө жүзүмдү алмаштырып, Адам болбой калуудан арданбасам. Кантип турам астында Жараткандын? Алганымдан артыгын бералбасам, Ар намыска азыртан келе албасам. Кур напсиме мойнуман жетеленип, Убакытты пайдама жеӊе албасам. Кантип барам астына Жараткандын? Жасалгандай таптаза тунук нурдан, Гүл жыттанган кыз дүйнө кызыктырган. Мээ айланып жүзүнөн өпкөн кезде, Мээримдүүнүн өзүн да унуттурган. Кеӊкейемин өмүрдөн түр күткөнгө, Эмне таптым, түбөлүк түркүк жерде??? Айткылачы?.. Кайсы кылган ишиме мактанайын? Силер менен коштошуп, күн бүткөндө... АКБАР КУБАНЫЧБЕКОВ
Кылымдарга очпос болуп данкыныз, Элимдин журогундо,калса экен атыныз.. Мен сизге кааларым узун-омур,бакыт таалай,ар дайым ырларыныз чыгып турсун таамай-таамай!!!
Поэзия эч качан кызыкпачы элем, бирок бул ыр адамды аябай ойлондуруп коет экен. Уну, окуганы жакшы келтириптир. Башка ырларын да угуп чыктым. мага аябай жакты. Мыкты лирик экен.
Маанилуу. Мага тун деген ырыныз аябай жакты .Санаа сезимимден отуп козумо жаш келди .Тагдыр деген адамды мойутат тура .Антсе да Аллахка чексиз шугур. Коп нерсенин байыбына барасын. Тушуносун.
Азаматсын Иним,чыгармачылыгына албан албан ийгиликтерди каалап кетуу менен бирге,биздин атка минер азаматтарга арнап да ырсаптарынан жазып койсон,кичине намыстары ойгонор беле.Сага Рахмат.
Акбардын бир ыр жыйнак китебин оз колунан белекке алгам.Окуп чыгып тан бергем.Ар бир ырын мен учун маанилуу.Азыр дагы Кантип барам деген чыгарманды изин мен басып откондой болдум.Сага ийгиликтерди каалайм.Ьалким мени тааныдын а балким жок.Бирок мен дагыда коп ырлар жазууна чын дилден тилектешмин.😁👍👍
Бул ырдын баары кошулуп, «БИР КҮН» аталышындагы китебимди жана аудио ыр жыйнагым чыкты: Ала-Тоо кинотеатрынын жанында кышы жайы дебей китеп жайып саткан Камчыдан - 0707547422 алсаңар болот. Же менден 0701565666 Баасы: Китеп - 200 Аудио китеп - 100
Туура айтасын кайсыл кылган ишиме мактанайын.Жузумду жасалма кулку менен аралаштырып булдуруктап калп суйлогонумо мактанамбы.Озумо озум кат жазып кайра озумо озум жооп алганыма мактанайынбы.Ууру олгончо карганат болуп жок мен эмес деп мактанайынбы.Ичип жеп алып жоок мен ичпедим деп мактанайынбы.Айткылачы анан мен кантип барам.Кузгуну кара жузундон душманынды коросун дегендей ал мен эмес деп мактанайынбы.Жазаарын жазып мен жазбадым деп мактанайынбы.